Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Ысыккөлдөгү айрым коомчулук өкүлдөрү депутат А. Бекназаровдун Аксы окуясы боюнча Эл аралык сотко кайрылуу аракетин колдогон билдирүү таратышты


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусундагы айрым саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү депутат Азимбек Бекназаровдун Аксы окуясы боюнча Эл аралык сотко кайрылуу аракетин колдогон билдирүү таратышты. «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын облустук бөлүмүнүн башчысы Канымет Жакыпбектегиндин 19-февралда билдирген маалыматына караганда, алар Аксыдагы трагедиялуу окуя боюнча Азимбек Бекназаровдун эл аралык сотторго кайрылып жаткандыгын толук кубаттайт. Канымет Жакыпбектегин Кыргызстанда сот адилеттүүлүгү бар экенине ишенбей тургандыгын да билдирди. Анын пикири боюнча, тергөө иштеринде да көз боёмочулуктар, мыйзам бузуулар кездешет. Ал өз башынан өткөн окуяны, тактап айтканда, өткөн жылдын 16-ноябрында «Каракол жарандык коомдук бирикмесинин» атынан Үчүнчү элдик курултайга катышууга барган учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ага 1000 сом айып салынгандыгын буга мисал катары келтирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG