Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Ирак маселесине байланыштуу кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү билдирүү таратышты


БИШКЕК. 19-февралда Кыргызстанда Укук коргоо кыймылынын демилгеси менен Бишкекте Ирак маселесине жана чечен согушуна байланыштуу коомчулук өкүлдөрүнүн жыйыны болду. 30дан ашуун адам катышкан жыйында Ирак маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүү, согушка жол бербөө тууралуу билдирүү кабыл алынды. Жыйындын катышуучулары ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчунда согушка каршы уюштурулган акцияларга колдоо көрсөтүп, АКШ менен Англияны Бириккен Улуттар Уюмунун чечими болмоюнча Иракка каршы согушту баштабаганга, ал эми Орусиянын өкмөтүн Чеченстандагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG