Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Москвада Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин экономикалык форуму башталды


БИШКЕК. 19-февралда Орусиянын Москва шаарында Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин экономикалык форуму башталды. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев баштаган делегация катышууда. Форумда Евразия мейкиндигиндеги интеграцияны, анын ичинде экономикалык интеграцияны, ишкер чөйрөлөрдүн кызматташтыгын кеңитүү, инвестиция тартуу маселелери талкууланып жатат. Уюмга кирген мамлекеттердин делегацияларынан тышкары, бул форумга ЕвразЭСтин алкагында инвестиция жасоону максат кылган чет элдик ишкерлердин тобу да катышууда. Мындай маалымат 19-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG