Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын маселеси Бишкекте талкууланат


БИШКЕК. 16-18-апрель күндөрү Бишкекте Борбордук Азия аймагындагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин зыяндуулугун алдын алуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу проблемаларына арналган эл аралык конференция өтөт. Премьер-министр Николай Танаев ал тууралу токтом кабыл алып, бул иш-чараны уюштуруу комитетин түздү. Бул тууралуу 19-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы булдирди. Конференция Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көмөгү менен өтүп, ага Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Конференциянын аягында радиоактивдүү заттар көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруунун комплекстүү программасы кабыл алынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG