Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү Ташкенде өтөт


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү март айынын орто ченинде Ташкен шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу шаршембиде өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов маалымдады. Анын айтымында, Ташкендеги сүйлөшүүдө эки мамлекеттин чек арасынын айрым тилкелелерин делимитациялоо боюнча макулдашууга кол коюлушу күтүлөт. «Бул маселе боюнча эки мамлекеттин эксперттери иштеп жатат», деп белгиледи Саламат Аламанов.
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки бөлүгү январь айынын орто ченинде Өзбекстандын Наманган шаарында өткөрүлгөн. Анда өзбек делегациясы, өз мамлекетиндеги айрым гезиттердин «чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү кыргыз тарап жөнсүз создуктурууда» деген сыны - өзбек өкмөтүнүн расмий пикири эместигин билдирген. Эки мамлекеттин чек арасынын тогошкон тилкесинин узундугу 1,5 миң чакырымдай келет. Анын ичинен 690 чакырымы делимитацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG