Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберди


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов шаршемби күнү Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Алишер Салахитдинов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ал 14-февралда Кадамжай районундагы Новгардан айлында болгон окуяга байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырды. Жолугушуу учурунда Аскар Айтматов Новгардан айлында жана ага чейин болгон окуялар эки мамлекеттин салтка айланган достук жана кошуналык мамилесине өтө терс таасир тийгизээрин билдирди. Аскар Айтматов жергиликтүү калк арасындагы чыңалууну басаңдатуу максатында чек ара райондорунда ишеним чараларын көрүү боюнча Бишкек сунуштаган Меморандумга жетишүү зарылдыгын эскертти. Ошондой эле ал Кадамжай районунда болгон окуяны адекваттуу иликтөөнү жана күнөөкөрлөргө тийиштүү чара көрүүнү өзбек тараптан өтүндү. Бул тууралуу шаршемби күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
14-февралдын түнүндө Кадамжай районундагы Новгардан деген айылдан район борборун көздөй бараткан «ПАЗ» маркасындагы автобусту өзбек чек арачылары токтотуп, документтерин текшерүүгө аракет кылышып, айдоочуну коркутуу максатында автоматтан жерди көздөй ок атышкан. Ошондон соң өзбек чек ара бекетинин башчысы келип, ээнбаштык кылып жаткан эки чек ара кызматкерин алып кеткен. Автобустун ичинде эне-бала эки жүргүнчү болгон. 15-февралда окуя болгон жерге келген Кадамжай районунун тартип коргоо органдарынын кызматкерлери автоматтын гильзасын табышкан.

XS
SM
MD
LG