Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

БУУнун курал-жарак инспекторлору Иракта 10 жайды кыдырып-текшеришти


Инспекторлор бүгүн Багдаддагы баллистикалык ракеталарга керектүү жабдыктарды өндүргөн 4 жай, Ал-Мутхана калаасындагы мурдагы химиялык курал өндүрчү завод ж.б. обьекттерди текшеришкенин Ирактын өкүлдөрү билдиришти. Улуттар уюмунун өкүлү Хиро Веки кечээ инспекторлор Ирактын кыска аралыктарга учуучу 2 баллистикалык ракетасын жана 380дей ракетанын жабдыктарын таап-бекиткенин маалымдаган. Инспекторлордун башчысы Ханс Бликс өткөн жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жасаган докладында аталган куралдарды тыюу салынган куралдар катары баалаган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG