Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНДАГЫ ДЕПУТАТТЫК ЭКИ ТОП БИРИКТИ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргызстан региондору – Оң ордо» депутаттык тобу түзүлдү. Мурдагы эки топтун башын кошкон бул бирикменин курамы депутат, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев менен толукталды.

Эки депутаттык топтун баш кошушуна бир гана жагдай – палатанын регламенти себеп болду. Буга чейин «Кыргызстан региондору» депутаттык тобун жетектеп келген депутат Ишенбай Молдоташев 19-февралда өткөн пресс-конференцияда мындай пикирин билдирди:

- Негизинен бул регламентке байланыштуу. «Жетиден төмөн болбосун» деп жазылып калган экен да. Анан беш киши болуп калгандан кийин «силер топ эмессиңер» деген маселеге такалып калдык.

Мыйзамга ылайыкташуу маселесин чечүүгө келгенде ар биринин курамына бештен ашпаган депутат кирген «Оң ордо» оңчул фракциясы менен «Кыргызстан региондору» жакын санаалаш топтор катары биригишти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын басымдуу бөлүгү саясий көз караштары боюнча оңчул-солчул жана чордончул үч фракцияга жана үч топко биригишкен. Алардын ичинен «Биримдик» фракциясын Иса Токоев, «Эл үчүн» тобун - Марат Султанов, «Кыргызстан коммунисттери» фракциясын - Апсамат Масалиев, «Кыргызстан» депутаттык тобун - Ишенбай Кадырбеков жетектешет. Булардын ар биринин курамында кеминде жетиден мүчөсү бар. Алардын ичинен бийликке оппозициядагы «Кыргызстан» депутаттык тобу менен «Кыргызстан коммунисттери» фракциясы «Элкомсоц» депутаттык тобуна бириккен.

Ал эми жаңы уюмдашып аткан «Оң ордо - Кыргызстан региондору» бирикмесин, жаңы регламент ишке кире электигине байланыштуу, убактылуу эки теңтөрага башкара турган болду. Теңтөрагалык милдетти «Оң ордо» депутаттык тобунан Зайнидин Курманов, ал эми «Кыргызстан региондору» депутаттык тобунан депутат - Курманбек Бакиев аткарышат. Топтун мүчөлөрүнүн пикирлерине караганда, мындай тутум топтун ишине келечекте деле эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Буга чейин «Кыргызстан региондору» тобун жетектеп келген депутат И. Молдоташевдин билдиргенине караганда, ички регламент боюнча топтун жетекчиси ар жыл сайын алмашып турат. Жаңы мүчө болгон депутат Курманбек Бакиевге теңтөрагалыкты сунуштоонун себеби да ушуга байланыштуу болду.

Депутаттыкка Алабука шайлоо округунан ноябрь айында шайланган мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиевдин «Кыргызстан региондору» депутаттык тобуна мүчө болгондугу тууралуу палатага төрага Абдыганы Эркебаев дүйшөмбүдө жарыялаган болчу. Мындай кадамга барышынын жөн-жайын Курманбек Бакиев мындайча негиздеди:

- Бул топтун депутаттарынын көпчүлүгү региондордон келишкен, жалаң эле оштук же бишкектиктер эмес, бул биринчиси. Экинчиси, «биздин топко киресизби» деп өздөрү сунушташты. Мен мына үч айдан бери иштеп атам, түштүктө, түндүктө иштедим, салыштырып, ойлондум. Мазмуну боюнча мага жакын, туруктуу, түшкө чейин бирди, түштөн кийин бирди сүйлөгөн оома эмес. Андай депутаттар да аз эмес, көп. Бирок менин оюмча жаңы Конституцияга ылайык регламент кабыл алынат. Палатанын ичинде деле комитеттердин саны, топтор боюнча көп өзгөрүүлөр болот. Биздин эки топ биринчилерден болуп биригип калды.

Биригүүгө байланыштуу өткөн пресс-конференцияда жаңы топтун мүчөлөрү, бардык иштерге сергек мамиле жасап, көптөгөн олуттуу маселелерде пикирдеш болуп келатышканын баса белгилешти. Айрым байкоочулар ишке жаңы кирген Конституцияга ылайык комитеттерди кайра түзүүнү палатада регламент кабыл алынгандан кийинки кызуу талаш жаратуучу негизги маселе катары баалашууда. Азыр Мыйзам чыгаруу жыйынында 25 комитет, ондогон кичи комитеттер жана комиссиялар иштеп жатат. Бирок, жаңы түзүлгөн депутаттык топ жеке эле парламенттик ишмердүүлүк менен чектелбей, келечек үчүн иштөө, парламенттик шайлоого катышуу камын көрүүгө чейин өсүп чыгаарын депутат Ишенбай Молдоташев билдирди.

- Ноябрь айында Ташболот Балтабаевдин демилгеси менен региондордун «Элет» деген партиясын түздүк. Расмий каттоодон өттү. Курманбек Салиевич Бакиев азырынча кире элек. Бирок, биз азыр иштеп атабыз. Кудай буюрса айыл жериндеги элди өзүбүзгө тартып, кийинки шайлоодо региондордун өзүнчө партиясы келип чыгат деген ойдобуз, - деди ал.

Ал эми «Оң ордо - Кыргызстан региондору» депутаттык тобунун жаңы теңтөрагасы Курманбек Бакиев региондордун кызыкчылыгын коргоо максатында жаңы түзүлгөн партияга же кандайдыр-бир башка партияга мүчө болуу маселесин азыр ойлоно электигин билдирди. Ал эми жаңы түзүлгөн «Элет» партиясынын башында Ош облусунун губернатору Накен Касиев турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG