Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

АКШ-ТҮРКИЯ: ҮЖӨРӨ АКЫНЫН ҮСТӨГҮ ӨСҮҮДӨ


Эгер Иракка каршы согуш башталса, анын коңшулары,баарыдан мурда Түркия маанилүү плацдарм болмокчу. Бирок Анкаранын өкмөтү уруштун экономикалык салкасынан чочулап, өзүнүн аскери базаларын америкалыктарга пайдаланууга берүү үчүн Вашингтон администрациясынан бери дегенде 30 миллиард доллар суммасында үжөрө акы талап кылууда. Мындан тышкары президент Ахмет Сезер Иракка каршы аскерий операцияга Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы зарыл болорун эскертти.

Түркиянын аскер базаларын арендага алганга Вашингтон Анкарага 26 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөнгө даяр. Муну шейшемби күнү Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер ырастады. Аталган суммадан Вашингтон өзүнүн алты миллиард доллар аласасын кармап калат. Эмки сөз Анкара өкмөтүндө калды, деп айтты Флейшер. Бирок АКШнын Анкарадагы элчиси Роберт Пирсон шаршемби күнү тараптар али аталган маселе боюнча бир жаңсыл бүтүмгө келе электигин бышыктап, өтө кыйчалыш кырдаал түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул күнү Түркиянын Искендерун портуна америкалык аскер кемелери келип, жээкке контингент түшүрмөк болгон эле. Анкара өкмөтү буга уруксат берген жок. Кемелердин бортунда америкалык беш миңдей аскер бар, алар Түркия аркылуу Ирактын түндүгүндөгү райондорго ташталмак. Пентагондун пландары боюнча, Багдадга америкалык аскерлер негизинен үч тараптан – түштүктөн,батыштан жана түндүктөн басып кириши керек.“Түндүк фронтун” Анкара толугу менен америкалык генералдардын амирине бергенден да чочулайт. Ирактын кутпа тарабындагы райондорду негизинен күрттөр байырлагандыктан, алар америкалыктардын калканчы алдында өздөрүнүн эгемен мамлекетин жарыялап жибереби деп Түркия катуу кооптонот.Ошондуктан америкалык контингент менен бирге бул аймактарга Анкара да өзүнүн 60-80 миңдей аскерин киргизүү маселесин караштырып жатат. Муну түрк бийликтери түндүк Ирактагы күрттөрдүн үйөрлөнгөн үркүнүн алдын-алуу зарылдыгы менен байланыштыргысы келет.

Негизгиси – Иракта согуш башталса, андан пайдаланып Анкара өткөн он жыл ичинде тарткан чыгымдарынын эсесин толугу менен болбосо да капортолоп толтуруп алууну көздөйт. Анкаранын эсебинде, ООНдун Багдадга салган санкцияларынын айынан Түркия 40 миллиард доллар өлчөмүндө зыянга туш болду. Өкмөттүн премьер-министри Абдулла Гул америкалык аскерлерди Түркияга жайгаштыруу маселесин парламентте колго салардан мурда Вашингтонго Анкара үчүн көрсөтүлө турган экономикалык, аскерий жана саясий жардамдардын айрым шарттарын тактап, аларды документ түрүндө бышыктап алууну сунуш кылды. Маселенин баары келишимде каралбаса, өкмөт башчысынын кебине ылайык, америкалык аскерлерди жайгаштырганга парламенттин макулдугун алуу бир топ кыйын болмокчу. Премьерден мурда башкаруучу партиянын лидери Режеп Эрдоган аскер базаларын модернизациялоого парламенттин уруксат бергенин Вашингтондун пландарын Түркия толук жана айныксыз колдогону катары түшүнгөнгө болбойт деп эскерткен эле.

Вашингтондун сунушуна Анкара өкмөтү эми ак же көк деген мамилесин билдирүүгө тийиш. Эгер кабинет Кошмо Штаттарынан 20 миллиард доллар адие алып, ага кошумча мурдагы аскерий карыздарынан сакыт болууну жетерлик деп тапса, анда парламент Түркияга америкалык аскерлерди жайгаштыруу маселесин колго салат. Бул ишти шейшемби күнү өкмөт межилистен атайын өтүнүп, кийинкиге калтырган эле. Бирок бул жерде күтүлбөгөн дагы бир жагдайлар келип чыкты. Биринчиден, аталган маселеде түрк өкмөтүнүн позициясы боюнча депутаттар арасында кайчы пикирлер күч алып кетти. Экинчиден, президент Ахмет Сезер Иракка каршы согушка ООНдун санкциясы кажет экендигин белгилеп, ушундай шартта гана Түркия өз территориясына америкалык аскерлерди жайгаштырганга макул болорун эскертти. Өлкөнүн мыйзамдары боюнча,аталган маселеде парламенттин чечимине вето койгонго президентке укук берилген. Деген менен анкаралык аналитиктердин көбү кантсе да иштин буга чейин жетерине ишенишпейт, бирок маселенин баары Анкара менен Вашингтондун ортосундагы сооданын үстөгүнө жараша чечилет дешет.
XS
SM
MD
LG