Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Бишкекте ЕККУга мүчө болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери чогулушту


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери 20-февралда жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда кийинки учурда Кыргызстанда түзүлгөн жагдай талкууланды. Элчилерди маалымат каражаттарына, чек арага, саясий партияларга жана өнөр жай ишканаларына байланышкан маселелер айрыкча кызыктырды. Жолугушууну ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдин Идил уюштуруп, ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф баштаган дипломаттар тобу жана президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев катышты.

XS
SM
MD
LG