Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

«БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ» ЖАҢЫ МЫЙЗАМ КҮЧҮНӨ КИРСЕ ЭМНЕ ӨЗГӨРӨТ?


17–февралда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары төрт күндүк талкуудан кийин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды кабыл алышып, аны Президенттин кол коюусуна жөнөтүштү. Аталган мыйзам күчүнө кирсе, билим берүү тармагына бир катар өзгөрүүлөр кирмекчи.

Депутаттардын 50 добушу менен кабыл алынган мыйзам өлкөнүн окуу жана агартуу тармагына бир топ өзгөрүүлөрдү алып келмекчи. Алсак, эми мындан ары жогорку окуу жайларындагы жана алардын филиалдарындагы билим берүүнүн сапатын алардын менчик түрүнө карабастан мамлекет тараптан көзөмөлгө алуу күчөтүлөт.

Мыйзамды иштеп чыккандардын башында турган Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каныметовдун айтканына караганда, бул документтин ушуга окшогон жаңылыктары бир топ.

- «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам - мамлекеттин прогрессивдүү өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган мыйзам. Мамлекет өз жарандарынын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Ошондон улам жогорку окуу жайларында мамлекет эсебинен бекер билим алуучу студенттердин санын көбөйттүк. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, 2003-жылы бюджет эсебинен бекер билим алуучулардын саны 30% кыскарып кеткен болчу. Биз аны мурдагы калыбына келтирип, 2002-жылдын деңгээлинде калтырдык. Демек, таланттуу жана жөндөмдүү балдардын казынадан бекер билим алышына шарт түзүлдү. Албетте, ал билимдүү балдарды тандоонун катуу жана тыкыр тартиби болууга тийиш, - деди Каныметов.

Депутаттын айтымында, жаңы мыйзамда билим берүү тармагында эмгектенгендерди колдоонун башка да жолдору айтылган.

- Билим берүү тармагында иштегендердин жашоо-шарты оор бойдон калууда. Ошондон улам алардын орточо эмгек акысын республикадагы орточо эмгек акынын деңгээлине акырындап бара-бара теңештирүүнү мыйзамга киргиздик. Мугалимдердин орточо эмгек акысы 600-800 сом, ал эми жалпы республикадагы орточо эмгек акынын өлчөмү 1600 сом экенин жакшы билесиздер, - дейт Ж. Каныметов.

Мыйзам күчүнө кирсе, мугалимдер жергиликтүү айыл өкмөтүнүн аймагында таксиден башка унаада бекер жүрүшмөкчү.

Билим берүү жана маданият министрлигинин финансы-экономикалык анализ жана ички аудит бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асановдун айтымында, эгер мыйзам күчүнө кирсе ар бир жогорку окуу жайы студенттер төккөн акчаларды жана өздөрү тапкан каражаттарды республиканын финансы министрлиги аркылуу өткөрбөстөн, өздөрү каалаган коммерциялык банктар аркылуу жумшоого мүмкүнчүлүк алышат.

- Жаңы мыйзамдын бир артыкчылыгы – жогорку окуу жайлары өздөрүнүн атайын эсеп-коруна түшкөн каражаттарды эми коммерциялык банктар аркылуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат, - деди Салмоор Жапаров.

Жаңы мыйзам окуучулардын мектепке кирүү жашын да аныктады. Балдар 1-класска 6-7 жаштан тартып бара башташмакчы. Ал эми ар бир бала 9-классты милдеттүү түрдө бүтүрүшү керек. Андан соң окууну улантабы же жокпу – ал ар бир баланын өз эрки.

Билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, Конституциянын жаңы редакциясы буга чейинки билим берүү тармагындагы бир катар талаш-тартыштарга чекит койду.

- Менин сүйүнгөнүм - Конституциянын жаңы редакциясы бир катар талаш-тартыштарга чекит койду. 32-беренеде «орто билим берүү акысыз жана баарыга милдетүү» деп айтылганы жакшы болду, - деп министр Ишенгүл Болжурова «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде айткан эле.

Мамлекет мындан ары жогорку окуу жайларын республикалык жана аймактык маанидеги жогорку окуу жайы деп аныктай баштайт. Казынадан билим берүү тармагына бөлүнүүчү каражаттар мына ошол окуу жайларына берилип турмакчы. Депутаттар калган окуу жайларды акционердик коом статусун алуусуна жол ачып беришти. Окуу жайлардын кайсынысы акционердик коомго айланаары депутаттардын элегинен өткөндөн кийин өкмөттүн токтому менен аныкталат.

- Жогорку окуу жайларынын жана мектептердин менчик түрүн акционердик коом катары аныктоого жол ачып берүү мамлекеттин аларды камсыздоого күчү жетпей жаткандыгынан келип чыкты. Каржылоонун көп булактуу принцибин киргиздик. Эми колунда барлар окуу жайларга жана мектептерге каражатын салып, акционер болуп калууга шарт түзүлдү, - деди Жангороз Каныметов.

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев мыйзамдын мына ушул жерине каршы.

- Мен жогорку окуу жайларын акционерлештирүүгө каршымын. Себеби, акция кимдин колунда болсо, ошол адам билим берүүнүн жолун аныктоого, ага көзөмөл жүргүзүүгө жол берилип калып жатат, – дейт ал.

Мыйзамдын дагы бир жаңылыгы - билим берүү тармагында 25 жыл эмгектенген адам канча жашка келгендигине карабай пенсияга чыгууга укук алат. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашап, эмгектенген эркек мугалимдер 60 жашка келгенде, аялдар 55 жашка толгондо пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.
XS
SM
MD
LG