Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

ПХЕНЬЯНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫНЫН ОЛУТТУУ КОРКУНУЧУ


Өткөн айда АКШнын чалгынчы-сателлити тартып алган сүрөт Түндүк Кореянын Йонбен өзөктүк комплексинин аймагында курулуш иштери жүрүп жатканын көрсөткөн. Бир кезде кыйратылган имаратка жүк тартуучу машинелердин үзбөй каттап, курулуш иштеринин тынбай жүрүп жатканы, Пхеньян өзөктүк каруу жарактын үстүнөн иштөөдө деген шектенүүнү дагы күчөттү.

Пхеньяндан 80 чакырымдай алыстагы капчыгайда жайгашкан Йонбен өзөктүк комплекси тыш дүйнөгө өтө жабык эсептелеген Түндүк Кореядагы эң астейдил күзөтүлгөн жай. Атомдук борбор 1965-жылы мурдакы Советтер Бирдигинин жардамы менен курулган реактордук лабораториядан башталган. Азыр комплексте кубаты 5 мегаваттык реактор, жарым-жартылай чогултулган боюнча бүтпөй калган 50 мегаваттык реактор жана реакторго отун катары пайдаланылуучу уран менен плутонийди бөлүп алуучу жабдуу-шаймандары бар.

1994-жылы Йонбен борбору өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатканы ашкере болгондо, Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Билл Клинтон Түндүк Кореяны бомбалоону буйруган. Түндүк Корея ошондо гана атомдук реакторду курууну токтотуп, анын акысына АКШ өлкөнү кара май менен камсыздай баштаган. Вашингтон, ошондой эле, плутоний жана уранды колдонбой иштеген атомдук 2 реакторду куруп бермек болгон. 5 мегаваттык реакторго отун катары пайдаланылчу 8 миң даана уран октору аба кирбес жана чаңдабас болот челектерге салынып, коопсуз көлмөгө жашырып коюлган.

Уран октун ар биринин диаметри 2,9 см, узундугу 52 см жана салмагы 6, 25 кг. Эксперттердин айтымында, уран октордон аз гана айдын ичинде бир нече атомдук бомбанын дүрмөтүн жасоого жарай турган плутонийди ажыратып алуу мүмкүн.

Ай башында америкалык ырасмий адамдар билдиргенге караганда, жүк ташуучу машинелер Йонбендеги уран октор жашырылган жайга тынбай каттаганы январь айында космостон тартып алынган сүрөттөрдө даана көрүнүп турат. Буга катар Түндүк Кореялык адистердин аскерий программа боюнча өз ара телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү да жазып алынган.

Билдирүү Түштүк Кореяда, Жапонияда жана башка өлкөлөрдө Пхеньян өзөктүк куралды жасоого аракеттенүүдө деген тынчсызданууну жаратты.

Сеулдагы бейөкмөттүк изилдөө борборунун эксперти Пак Хаксундун айтышынча, Түндүк Корея уран октордон плутонийди бөлүп алууга киришсе эле, анда “чээнден чыккан” иш болот. Өлкө жасалма жандоочулардын көзөмөлү астында экенин жакшы билген Түндүк Кореянын жетекчилиги ар бир кадамын өтө кылдат эсептеп туруп анан жасайт. Ошон үчүн, дейт Пак мырза, Йонбендеги “шектүү көрүнгөн иштер” жана телефон сүйлөшүүлөрү атайлап уюштурулган амал болушу мүмкүн. Сеулдагы Корея университетинин талдоочусу Ким да ушундай ойдо.

Чечмелеп айтканда, Пхеньян өлкөдө электр кубаты жетишпегендиктен, атомдук реакторду кайра иштетүүгө мажбурбуз дегендей эле, өзөктүк программа боюнча кызуу иштер жүргүзүлүп жатат дегендей түр көрсөтүп, Кошмо Штаттарды өз ара кол салышпоо келишимин түзүүгө түртүп жаткан болушу ыктымал.

Вашингтондогу Като институтунун талдоочусу Тед Галендин айтышынча, эгерде Түндүк Корея жетекчилиги чындап эле өзөктүк куралга ээ болууга аракеттенсе, анда эл аралык тынчтык үчүн чоң коркунуч жаралат:

- Менин оюмча, Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынын мүмкүнчүлүгүн анын өзөктүк курал жарак программасын өнүктүрүү боюнча жасап жаткан аракети менен байланыштырып көрсөк, ошондо Түндүк Корея азыр эл аралык коопсуздук үчүн Ирандан да коркунучтуу экени бизге айкын болот.

Ушундай коркунучтан улам, АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келаткан жекшемби-дүйшөмбү күндөрү Бээжинге ырасмий сапарга барат. Максат - Кытайды ортого салып, Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тарттыруу.

Кытай Түндүк Кореянын эң жакын шериги. Пауэллдин айтышынча, Түндүк Корея жылына алган тышкы жардамдын теңин жана электр кубатынын 80 пайызын Кытай берет.

XS
SM
MD
LG