Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

АКШ: БЮДЖЕТТЕГИ КЕНЕМТЕ КИМГЕ КЕРЕК?


Кошмо Штаттары 2004-жылы аскерий максаттарга дээрлик 380 миллиард доллар каражат карыштаганы жатат. Бул мурдагы сарптоолордон 15 миллиард долларга көптүк кылат. Бирок бюджеттин долбоорунда Иракка каршы болжолдонуп жаткан аскерий операциянын чыгымы каралган эмес. Ирактагы согушка, эксперттик эсептер боюнча, 60 миллиард доллар акча кетиши мүмкүн.

Брукинг институтунун эксперти, экономист Генри Арон Ирактагы согуштун чыгымын президент Буштун администрациясы эки себептен улам бюджет долбооруна киргизген эмес деп эсептейт. Биринчиден, администрация согушка айныбай ниет
кылып калганын тастыктагысы келбейт. Экинчиден, бюджеттин өтө эле чоң тартыштыгы бар, мындай кенемте долбоорду коргоп-колдоп калганга каскак болот. Согуштун чыгымы кошулганда бюджеттин дефицити ого бетер оркоюп көрүнүп калмак, буга конгрессти көндүрүү бир топ кыйын болмок.

Бирок башка бир эксперттер президент Бушка бюджетти конгрессте бекиттирип алуу көп деле кыйынчылыкка турбайт дешет. Конгресстин эки палатасын азыр Буштун республикачыл партиясы контролдойт. Ошентсе да Ирактагы операциялардын чыгымы эмне үчүн долбоорго киргизилбей калганын комментариялап, мурдагы конгрессмен Билл Френзел иштин жөнү өтө эле жөнөкөй деп түшүндүрдү. Бюджетте өкмөттүн кандайдыр бир кыялый максаттары каралбайт, конкреттүү, айныксыз программалары гана аныкталат. Кокус президент жакын арада согуш баштагысы келсе, анын каражаты, биринчиден, быйылкы бюджеттин эсебинен каралат. Экинчиден, мындай күтүүсүз иштердин баары бюджеттин кошумча сарптоолор бөлүгүндө аныкталат. Аны өзгөртүү маселесин президент конгресске коет. Конгресс мүчөлөрү аны мыйзам түрүндө карап, бюджеттин жоболорун өзгөрткөн соң гана президент согуш жарыялай алат.

Буштун администрациясы быйыл 1-октябрдан тартып баштала турган финансылык жаңы жылда федералдык өкмөткө 2 триллион 230 миллиард доллар сарптоону сунуш кылган. Ал эми кирешелер чыгымдардан 307 миллиард долларга кем каралган. Алдыдагы беш жылда
федералдык бюджеттин дефицити, прогноздор боюнча, жалпы эсепте бир триллион доллардан ашат. Президент мунун баарын экономикалык өнүгүүнүн төмөндөп бараткан арымы жана Кошмо Штаттарына террористтер таңуулаган согуш менен түшүндүрдү. Жаңы бюджет, президент Буштун конгресске жөнөтүлгөн катында белгиленгендей, узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш. Эң башкысы - улуттун ушу таптагы башкы керектөөсү деп Буштун администрациясы коопсуздукту камсыз кылууну, терроризмге каршы күрөштү эсептейт. Ошондуктан эмдиги жылдагы бюджетте баарынан көп каражат Пентагонго жана жакында түзүлгөн ички коопсуздук министрлигине каралган. Аскерий чөйрөгө келерки финансылык жылда 380 миллиард доллар капитал сарпталат. Мындан тышкары аталган тармакка жумшала турган сарптоолордун өлчөмү мындан ары жыл сайын 20 миллиард долларга өсүп турушу керек.

Деген менен Буштун оппоненттери – конгресстеги демократтар – бюджеттин долбоорун сынга алышып, администрацияны экономиканын өрүшүн тарытып жатканы аз келгенсип, бир катар тармактардагы сарптоолорду кыскартып жатканы үчүн да айыпташты. Долбоордо сунуш кылынган перспектива, демократтардын ою боюнча, америкалыктардын эртеңки муунун эпсиз карызга батырат. Алардын соңунан Буштун бюджет саясатын 400дөй экономист, анын ичинде Нобель сыйлыгынын он чакты лауреаты сынга алышты. “Нью-Йорк таймс” гезитинин үргүлжү бир бетин ээлеген билдирүүдө салыктардын кыскартылышы жакынкы келечекте экономикага иле боло албайт, ал биринчи кезекте байгер америкалыктарга гана пайда алып келет деп айтылат. Адистердин айтымында, фонд рыногун жандантуу жаатындагы Буштун пландары да калктын кирешелериндеги ажырымды күчөтөт. Бюджеттеги кенемте кимге керек экени ансыз деле белгилүү, деп айтылат экономисттердин билдирүүсүндө. Документте ошондой эле америкалык экономиканы жандантуунун пландары сунуш кылынган. Экономисттер баарыдан мурда бюджет чыгымдары жана салык иштери боюнча белгилүү бир мезгилге эсептелинген тыкыр чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилешкен.
XS
SM
MD
LG