Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

АКШ – ТҮРКИЯ: АРАЗДАШТЫРГАН АКЧАБЫ ЖЕ БАШКАБЫ?


Түркияга америкалык аскерлерди жайгаштыруу маселесинде Вашингтон менен Анкаранын талаш-тартышы чиелене баштады. Кокус тараптар тил табыша албаса, анда мунун арты НАТО боюнча союздаш эки өлкөнүн алакасын кыйла кыйгылдантып салышы ыктымал. Пентагондун башчысы Дональд Рамсфельд Кошмо Штаттары Түркиянын жардамысыз эле Ирактагы режимди кулата ала тургандыгын эскертти.

Түркиянын аскер базаларына аскерлерин жайгаштыруу үчүн Вашингтон Анкарага 6 миллиард доллар өлчөмүндө грант жана 20 миллиард доллар финансылык жардам сунуш кылган эле. Муну Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер Вашингтондун акыркы чечими деп ырастады. Эми түрк өкмөтү жума күнгө чейин бир жаңсыл чечимге келиши керек. Стартегиялык көз караштан алганда Түркия, албетте, аскерий операция үчүн эң оңтойлуу өлкө. Бирок америкалык армия ийкемдиги жагынан атка жеңил, тайга чак экенин эске алганда, окус согуш баштоо жөнүндө чечим кабыл алынып калса, ар кандай операциянын өтөсүнө чыга алат, деп ишендирди Флейшер.

Түркия НАТОнун составындагы жападан-жалгыз мусулман өлкөсү катары Кошмо Штаттардын такай колдоосун алып келген эле. Вашингтон Анкаранын Евросоюзга мүчө болуу мүдөөсүнө да бирден-бир сүрөөнчү болуп жүрөт. Бирок Ирак проблемасында Анкара менен анын НАТОлук союздаштары, биринчи кезекте Вашингтон ортосунда ажырым байкалды. Түрктөрдүн 90 проценттен ашыгы азыр Ирак маселесин аскерий күчкө салып чечүүгө караманча каршы, ал эми бир катар коомдук уюмдар, анын ичинде мугалимдердин профосюздук бирикмеси шаршемби күнү Анкарада митинг өткөрүп, америкалык бардык товарларга байкот жарыялоого чакырды. Акырында азыркы өкмөт Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушту пайдаланып, өзүнүн эң байгер өнөктөшүнөн – Кошмо Штаттарынан колдон келишинче арбын финансылык адие алып калганга аракеттенип, Вашингтон убада кылып жаткан жардамдардын баарын тийиштүү документтерде тастыктоо шартын коюп жатат. Мындай келишим түзүлмөйүнчө Түркияга америкалык аскерлерди жайгаштыруу маселесин парламент бекитпей тургандыгын шаршемби күнү башкаруучу партиянын лидери Режеп Тайып Эрдогон кайрадан ырастады. Анкаранын мындай позициясын, Эрдогандын сөздөрү боюнча, Вашингтонго кыр көрсөтүү таризде түшүнгөнгө болбойт. Азыр Кошмо Штаттардын Ирактагы пландарын колдобогон, бирок ошол эле кезде Вашингтон менен ымаласын бузбаган өтө көп өлкөлөр бар. Ушу себептен улам, айталы, Вашингтон Франция, Кытай жана Россия менен алакасын үзгөнгө бара алабы?-деп собол койду Эрдоган.

Вашингтондогу Никсон борборунун аналитиги, теги түрк Зейно Баран айым да эки тараптын мамилеси кыйын-кычык абалга жетерине ишенбейт. Түпкүлүгүн алганда, акыл-эстин көз карашынан караганда, тескерисинче, эки тарап тең бир-бирине керек, деп айтты ал. Ошону менен бирге вашингтондук аналитик түрк парламенти жума күнгө чейин маселени карабаса, андан кийин кырдаал бир топ татаалдашып кетерин моюнга алды. Ырасмий Анкараны Ирак проблемасында кооптондурган бир топ эле жагдайлар бар. Айрыкча түндүк ирактагы күрттөр америкалыктардын аламан жапырыгынан пайдаланып, өздөрүнүн эгемен мамлекетин жарыялап жибериши мүмкүн деген түкшөмөлдөр Түркияны катуу түпөйүл кылат. Ошондуктан Анкара аталган райондорго америкалык контингент менен бирге өзүнүн да аскер контингентин киргизүүнү сунуш кылган эле. Буга жооп кылып, Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд Кошмо Штаттары Түркиянын жардамысыз эле “түндүк фронтун” ача алат деп билдирди. Муну ал альтернативдүү план деп атады, бирок анын аки-чүкүсүн түшүндүргөн жок. Associated Pressтин болжолунда, Пентагон, сыягы, түндүк Ирактагы райондорго десант түшүрүүнү чечкен шекилди. Мындай учурда америкалык согуш самолеттору Иракка жуук башка өлкөлөрдүн аймагынан, ошондой эле деңиздеги аскер кемелеринен учуп чыгып, бутага алынган райондорду кең-кесири бомбалай алат. Анкара болсо акчанын айынан Вашингтон менен акыйлашып жатып, андан кур калышы ыктымал. Кийинки перспективада болсо Вашингтондун саясий колдоосунан ажырашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG