Пакистандын аба күчтөрүнүн башчысы Мушаф Али Мир жана дагы 16 адам бүгүн эртең менен кырсыкка учураган аскерий самолетто шейит болушту. Пакистандын өкүлдөрү Исламабаддан 250 чакырымдай түндүгүрөөк аймакта кырсыкка учураган самолетто бир да адам аман калбаганын кабарлашты. Өлкөнүн аба күчтөрүнүн командачысы Кохат шаарындагы аскерий базаны текшерүүгө бараткан экен. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.