Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Түндүк Кореянын аскерий учагы коңшулаш өлкөнүн аба мейкиндигине кирип кеткен


Түштүк Корея бүгүн таңга маал эч бир эскертүүсүз эле, Түндүк Кореянын аскерий учагы өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учуп өткөнүнө байланыштуу Пхеньянга нааразылык нотасын жөнөттү. Сеулдагы коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө Түндүк Кореянын бул аракети "провокация" катары бааланып, Пхеньян келечекте андай мыйзамсыз аракеттерден карманышы керектиги эскертилет. Түштүк Кореянын аба мейкиндигинде эки мүнөтчө болгондон кийин, Пхеньяндык аскерий учак кайра артка тартканда, Сеулдун эки согуштук вертолету аны чек арага чейин коштоп учуп барып, эскертүү иретинде ок ачууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG