Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Ирандагы авиакырсыкта 302 адам набыт болду


Кечээ кечинде Ирандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө учуп келе жатып, аварияга учураган аскерий-транспорттук самолетто 302 адам каза тапты. Анда келаткан 284 адам - Ислам революциясынын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери жана 18и - самолеттун экипажы болчу. Орусиялык "Ил-76" учагы Ирандын Захедан шаарынан Керман шаарына учуп келатып, кардуу борошондо тоо арасында кырсыкка кабылган. Азырынча кырсыктын себептери аягына дейре аныкталып бүтө элек. Ирандын авиациясы негизинен Орусия менен Украинада даярдалган самолеттордон куралган. Кырсык болгон жерде Тегерандык куткаруучулар иштеп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG