Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Түркия Ирактагы ыктымал согушка көрсөтчү көмөгү үчүн АКШдан бекем кепилденген финансылык жардам талап кылууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл менен телефон аркылуу байланышып, Ирактагы ыктымал согуш учурунда Түркиянын аскерий базаларын пайдалануу тууралуу макулдашууну тезирээк караштырууну өтүндү. Ал анткен менен, Түркиянын тышкы иштер министри Йасар Йакиш парламент АКШга аскерий базаларды ижарага берүү маселесин келээрки аптага дейре талкуулабайт деп билдирди. Вашингтон Ирактагы ыктымал согушка көрсөтчү көмөгү үчүн Анкарага 6 млрд долларлык жардам жана 20 млрд долларлык насыя берүүнү убада кылууда. Бүгүн Анкаралык гезитте жарыяланган интервьюсунда Түркиянын бийликтеги партиясынын лидери Режеп Эрдоган Вашингтон бул убадасын Конгрессте бекитилген документ менен бышыкташы зарыл деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG