Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Ирактагы курал-жарак инспекторлоруна катуу кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди


Ивановдун айтымында, Ирактагы эл аралык инспекторлорго өлкөдөн кетүүгө, же куралсыздануу программасын аткарбаган үчүн Иракка каршы аскерий аракеттерди баштоо тууралуу доклад жасоого кысым көрсөтүлүүдө. "Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, эл аралык инспекторлорго 98-жылдагыдай Иракты таштап, чыгып кетүүгө, же БУУнун Коопсуздук Кеңешине Иракка каршы аскерий күч колдонууга көрсөтмө берүү боюнча катуу кысым көрсөтүлүп жатыптыр", - деди министр Игорь Иванов. Ал Багдадды инспекторлор менен ачык, айкын кызматташууга үндөй кетти. Бүгүн курал-жарак инспекторлору Иракта тыюу салынган "Аль Самуд-2" тибиндеги баллистикалык ракеталарды аскерий өндүрүш заводуна алып барып бекитишти. Улуттар уюмундагы элчилер инспекторлордун башчысы Ханс Бликс Ирактан бул куралдарды жок кылууну талап кылышы керек деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG