Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Пентагон Иракка каршы согушка даяр. Бул тууралуу бейшемби күнкү пресс-конференцияда Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелд билдирди. Иракка жуук аймактарга жетерлик сандагы контингент топтолду. Президент кайсы күнү чечим кабыл алса, Рамсфелддин айтымында, коалиция ошол замат өз милдетин аткарганга киришет. Бир катар маалымат булактары аскери операцияны ушул айдын этегинде же марттын алгачкы күндөрүндө башталат деп болжолдошууда. Ал эми эмдиги аптанын акырында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Иракка байланыштуу экинчи резолюциянын долбоору талкууга коюлганы жатат.

Пентагондун башчысы регионго канча аскер контингенти топтолгонун так айткандан баш тартты. Бирок Иракка каршы бул жолку коалицияга көптөгөн өлкөлөр кошула тургандыгына ишендирди. Бейырасмий маалыматтарда региондогу аскерлердин саны ушу тапта эле 150 миңден ашканы айтылат, алдыдагы күндөрдө аларга дагы 50 миңдей контингент кошулат.

Рамсфелдге удаалаш президент Буш да Жоржия штатында сөз сүйлөп,”эзилген ирак эли үчүн эркиндиктин күнү жакындап калгандыгын” белгиледи. Эгер согуш башталса, Буштун сөзүнө ылайык,Кошмо Штаттары “ирактыктарды каардуу жана жапайы диктатордун чеңгелинен бошотот”. Бул башка диктаторлорго да сабак болот, деп кошумчалады америкалык президент. Азаттык алган Ирак, Буштун ишениминде, бүткүл Жакынкы Чыгышка жагымдуу шарапатын тийгизет. Коңшуларын кодулап-коркутуп,террористтерди байырлатып-бапестеп келген Ирак регион муктаж болуп отурган прогресстин жана гүлдөп-өнүгүүнүн өрнөгү болуп калат,деп айтты Буш.

Согушка Багдадда да активдүү камынып жатышат.Британдык “Таймс” гезити кабарлагандай, президент Хусейн аскербашылары менен атайын кеңешме өткөрүп, генералдарына бардык көрсөтмөлөрдү уулу Кусай аркылуу айтып турарын эскертти. Андан башка эч ким Хусейндин кайда жашынып жатканын, каерде отурганын билүүгө тийиш эмес. Вашингтондо мунун чындыгын ырастай алышкан жок, бирок Саддам Хусейн да дүйнөнүн башкы террорчусу бин Ладен өңдүү куйругун карматпай кетиши ыктымал деген түпөйүл ой америкалык администрациянын өкүлдөрүн жүрөкзаада кылып жатканын жашырышкан жок. Азырынча Вашингтон өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмун, баарыдан мурда анын эң жогорку органын Иракка каршы аскерий операция баштоого кантип көндүрүү керек деген маселенин ташпишин тартып жатат. Лондон менен Вашингтон Коопсуздук кеңешине коюла турган экинчи резолюциянын долбоорундагы айрым ала жерлерди, ача чыккан пункттарды макулдашып,тактап бүтүштү. Бул жолку резолюция, байкоочулардын баамында, кыска болчудай. Документте,биринчиден,Ирак Коопсуздук кеңешинин былтыр ноябрдагы чечимдерин аткарбай жатканы айтылууга тийиш. Андан соң Иракка каршы күч колдонуунун мөөнөтү аталашы керек. Мындай вариантты кеңештин “элегинен” бүкүлү өткөрүү үчүн андагы 15 өлкөнүн бери эле дегенде тогузун көндүрүү зарыл болот. Ал эми вето салганга укугу бар Францияга, Россияга жана Кытайга добуш берүү учурунда калыс калуу сунуш кылынмакчы. Бирок Вашингтон администрациясынын бир катар мүчөлөрү мындай планды ишке ашыруу кыйын экенин моюнга алышууда.

Ошол эле администрациянын өкүлдөрүнө шилтеме берип,”Вашингтон пост” гезити америкалыктардын дагы бир планы тууралуу жазып чыкты. Анда согуштан кийин Иракты ким жана кантип башкаруу керектиги аныкталган. “Вашингтон посттун” маалыматтарына ишенсек, Ак үй согуштан кийинки Иракта эч кандай өткөөл өкмөт түзбөйт,бардык бийлик утурумдук аскерий администрацияга берилет. Администрацияга болсо, гезиттеги маалыматтар боюнча, генерал Томми Фрэнкис башчылык кылмакчы.
XS
SM
MD
LG