Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Атын жашырган дипломаттардын маалыматын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы төгүнгө чыгарды


БИШКЕК. «Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун туура эмес кадр саясатынан улам соңку мезгилдери министрликте баш-аламандык орун алууда. Аскар Айтматов өз жакын тааныштарын жумушка алып, мурда таарынычы бар кызматкерлердин баарын эч себепсиз жумуштан кетирүүдө». Аттарын жашырган дипломаттардын тобу жума күнү электрондук байланыш аркылуу өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарына ушундай мазмундагы билдирүү таратты. Ал билдирүүдө Аскар Айтматов Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтериндеги өзүнө жакпаган адамдардын баарын кызматтан кетиргендиги тууралуу фактылар келтирилген.
Бул маалыматты жума күнү аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Лира Сабырова «чындыкка жатпайт» деп жокко чыгарды. Анын айтымына караганда, мындай катты министрге өчөшкөн белгисиз бирөөлөр аталган министрликтин кадыр-баркын кетириш үчүн атайылап жазган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG