Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Аксы окуясында жабырлангандар эл аралык укук коргоо уюмдары аркылуу Эл аралык сотко кайрыла алышат


БИШКЕК. Аксы окуясы боюнча Кыргызстандын жогорку сот инстанциялары акыйкат чечим чыгарбаса, анда жабырлангандар Эл аралык сотко кайрылышы ыктымал. Бирок Кыргызстан Европа Биримдигине мүчө болбогондуктан, жабырланган жарандар Эл аралык сотко эл аралык укук коргоочу уюмдар аркылуу гана арыз бере алышат. Бул туурасында жума күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин Ош гарнизондук соту карап, декабрь айынын этегинде райондук жана облустук деңгээлдеги төрт кызматкер жоопко тартылган. «Аксы окуясынын айыпкерлери толук жоопко тартылбай калды» деп, жабырлангандар аппеляциялык арыздарын республикалык аскер сотуна беришкен.
Бекназаров ушул эле күнкү маалымат Страсбурга барып келгендиги тууралуу маалымат берди. Ал мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовду жана биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновду «Кыргызстанда өткөн референдум, адам укуктарынын абалы жана Аксы окуясы боюнча туура эмес маалымат берди» деп айыптады. 12-февралда Европарламенттин Страсбург жыйыны Кыргызстандагы саясий кырдаалды, анда оппозиция менен бийлик өкүлдөрү билдирүү жасашкан.

XS
SM
MD
LG