Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Ысыккөл облусундагы бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Ирак согушуна каршы билдирүү таратышты


КАРАКОЛ. «Каракол» жарандык коомдук бирикмеси, «Кыргызстан демократиялык кыймылы», «Асаба кайра жаралуу», «Кыргызстан коммунисттер» жана башка саясий партиялардын өкүлдөрү тараткан билдирүүдө, учурда дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салган АКШнын Иракка согуш ачуу аракети авантюристтик саясат катары бааланган. Алар дүйнөлүк согуш оту тутанып кетиши мүмкүн деп чочулашат. Билдирүү ээлери АКШ-Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү жактап, согуш аракетине каршы чыгып жатышкан Европа өлкөлөрүндөгү нааразычылык акцияларын колдой тургандыктарын жазышкан. «Жалпы адамзатты кооптондуруучу бул маселеге тиешеси бар мамлекет башчылары сабырдуу чечим кабыл алаарына ишенебиз» дешет билдирүү ээлери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG