Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Бишкекте саламаттык сактоо тармагын реформалоо маселеси талкууланды


БИШКЕК. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын реформалоо маселеси 21-февралда Бишкекте талкууланды. Ага президент Аскар Акаев баш болгон бардык бийлик башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов тармактын жагдайы, «Манас» программасынын аткарылышы боюнча кеңири баяндама жасады. Саламаттык сактоонун жагдайы жана келечеги туурасында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун регионалдык бюросунун директору Марк Данзон, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлэйс баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф ойлорун ортого салды. Ал эми президент А. Акаев өз сөзүндө өлкөдө жакшы жашоо образын калыптандыруу зарылдыгын айтып, ал үчүн төрт негизги милдетти белгиледи. Алар - мыйзамдарды заманга шайкеш иштеп чыгуу, финансылык ресурстарды чыңдоо, саламаттык сактоонун жаңы системасын негиздөө жана медицина кызматынан пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүү милдеттери. Саламаттык сактоо тармагын реформалоого «Манас» программасы аркылуу Дүйнөлүк Банк 1996-жылы 18 миллион, ал эми 2001-жылы 15 миллион доллар өлчөмүндө кредит берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG