Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Кыргыз-кытай чек арасын аныктоо учурундагы айрым фактылар ачыкка чыгууда


БИШКЕК. Кыргыз-кытай чек-арасындагы талаштуу деп табылган жерлерди тактоо мезгилинде Кытай тарап бейрасмий түрдө Кыргызстандын өкүлдөрүнө басым көрсөтүп, коркуткан. Бул тууралуу бейшемби күнкү Конституциялык Соттун отурумунда, кезегинде кытай тарап менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирген. Аны жума күнкү маалымат жыйынында депутат Исмаил Исаков маалымдады.
Кыргыз-кытай чек арасы боюнча 1996-1999-жылдары түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде, мурда талаштуу деп саналган Кыргызстандын 130 миң гектарга жакын жери Кытайга өткөрүлүп берилген. Ал эми өткөн жылдын май айында Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты «кыргыз-кытай чек-ара келишимдери Жогорку Кеңештин кош палатасында мыйзам бузуу аркылуу ратификацияланган» деп Конституциялык Сотко арыз жолдошкон.

XS
SM
MD
LG