Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ВАШИНГТОН МЕНЕН АНКАРА БИР БҮТҮМГӨ КЕЛИШТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Иракка түндүктөн кол салуу маселесине байланыштуу Түркия менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктер жөнгө салынды. Анкарада америкалык делегация менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң, Түркиянын премьери тараптар орток пикирге келгенин билдирди.

Анкарада АКШнын делегациясы менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл тараптар Америкалык аскерлерди Түркияда жайгаштыруу суроосунда өз ара түшүнүшүүгө келишкенин жарыя кылды. Ошону менен катар түрк өкмөт башчысы сүйлөшүүлөр улантылып жатканын кошумчалады.

Иракта боло турган согуштун кесепеттерин жойуу үчүн АКШ Түркияга 26 миллиард доллар сунуш кылган, анын 6 миллиард долларын грант түрүндө, калган 20 миллиард долларын насыя катары бермекчи болгон. Бирок мындай сунуш Түркияны ынандырган эмес. Анкара ансыз да экономикалык кыйын кезеңди башынан кечирип жатканын белгилеп, согуш кесепеттерин жойуу үчүн АКШдан 30 миллиард доллар жардам сураган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Анкара Вашингтон сунуш кылган суммага макул болгонсуган, бирок ал жардамдын тез арада бериле турганын жазуу жүзүндө кепилдөөнү талап кылган. Бейшемби күнү Түркиянын бийликтеги партиясынын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган: "Саясатчылар көп нерсени убада кыла беришет. Бирок ар бир убада жазуу жүзүндө кепилденмейин, курулай сөз болуп кала бериши ыктымал. Муну тарыхтан жакшы билебиз", - деп билдирген.

Ошону менен катар Ирактын түндүгүнө киргизиле турган аскерлерге командачылык кылуу маселесинде да эки ортодо келишпестиктер болгон. Ирактын түндүгүнө жөө аскерлердин киргизилиши де факто автономдуу болуп алган ирактык күрттөрдүн Багдаттан толук эгемендигин жарыялашына түрткү болушу ыктымал. Ирактык күрттөрдүн эгемендик кыймылы түркиялык күрттөргө туташ реакция береринен чочулап турган Түркия андай "жугуштуу" илдеттин жайылышына бөгөт койуу үчүн Ирактын түндүгүнө киргизиле турган аскерлерге өзү командачылык кылгысы келет.

Түркиянын мындай позициясына кыжырданган Вашингтон
Иракка чабуул жасоонун башка жолдору табыла турганын билдирген. 20-февралда Ак үйдүн өкүлү Ари Флайшер: "Эгер Түркия минтип баадилене берсе, биз Түндүк фронтун Түркиянын жардамысыз эле ачабыз!"- деп ачууланган.
Маселенин чечилишинин кечеңдетилиши Пентагондун түндүк фронтун ачуу пландарына кедерги болуп жатат. Ал Ирактын түндүгүнө 40 миң жөө аскер киргизүүнү пландаштырууда. Пентагондун өкүлдөрү президент Саддам Хусейнди бийликтен тез арада четтетүү үчүн Иракка бир эле убакта абадан жана жерден кол салуу зарыл деп эсептешет.
Анын аралыгында Иракка керек болсо БУУнун макулдугусуз эле чабуул койо турганын айтып келаткан Вашингтон эл аралык коомчулуктун колдоосун алуу аракеттерин улантып жатат. АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Валтер Канштайнер ушул жумада Африка өлкөлөрүнүн Парижде өткөн саммиттинен пайдаланып, Анголанын жана Камерундун президенттери менен жолугушту. Ал эми Ирак согушуна камынып жатканы үчүн Британиянын англикан жана католик чиркөөсү тарабынан кескин сынга алынып жаткан премьер-министр Тони Блэйр ишемби күнү Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Иоанн Павел Экинчи менен жолугушканы жатат. Блэйр папага Иракка аскердик сокку уруу зарылчылыгын моралдык жактан негиздегенге аракеттенет.
Ал эми укук коргоочулар Иракка согуш ачуу менен АКШ менен Британия өзүнө опол-тоодой моралдык жоопкерчиликти алып жаткандыктарын эскертип жатышат. Президент Саддам Хуссейн аскердик чабуулдан коргонуу үчүн Багдаттын жана башка шаарлардын калкын тирүү калкан катары пайдаланууга ниеттүү. Хюман Райтс Уотч жана башка укук коргоо уюмдары мындай тактиканы кылмыш катары сынга алуу менен бирге, бул опурталдуу жагдай АКШга өтө чоң жоопкерчиликти жүктөп жатканын айтып жатышат. "Эл калканч болгон объектилерге сокку уруу да согуш кылмышы болуп саналат, муну АКШ эстен чыгарбашы керек!" - деп эскертти Хьюман Райтс Уотчтун аткаруучу директору Кеннет Рот.
XS
SM
MD
LG