Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Тажик парламенти өлкө конституциясына өзгөртүү киргизүү маселесин карай баштады


Тажик парламентинин ылдыйкы палатасы 20-февралда кечинде өлкөнүн конституциясын өзгөртүү боюнча талкуу баштоого макул болду. Талкууда конституциянын 65-беренеси өзгөртүлүшү мүмкүн, ал берене боюнча, президент жети жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланат. Азыркы президент Имомали Рахмонов биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө 1994-жылы шайланган, 1999-жылы конституция өзгөртүлгөндө болсо, ал кайрадан жети жылдык мөөнөткө президент болгон. Конституцияга өзгөртүү жалпы элдик референдум аркылу киргизилүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG