Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Орус президентинин айтымында, дүйнөдөгү бийлик балансы бузулууда


Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Орус аскерлеринин жыйынында чыгып сүйлөп, дүйнөдөгү бийлик балансы бузулду деп билдирди. Анын айтымында, кээ бир өлкөлөрдө өтө таасирдүү күчтөрдүн агрессивдүүлүгү да өсүүдө: "Дүйнөдөгү татаал геополитикалык абалга объективдүү баа бериш керек, эл аралык бийлик балансы бузулду, ал эмидүйнөлүк коопсуздук системасы түзүлүп бүтө элек. Ошол эле учурда, кээ бир мамлекеттерде өтө таасирдүү күчтөрдүн агрессивдүүлүгү да өсүп баратат. Ага - айрым өлкөлөрдөгү коопсуздук системасынын алсыздыгын кошкондо, мындай абал биздин өтө жогорку тынчсыздануубузду туудурат". Путин эч бир өлкөнүн атын атаган жок, бирок орус аскерлерин коопсуздук маселелериндеги боло турган кыйынчылыктарга даяр болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG