Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Британ премьер-министри Италияга келди


Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр 21-февралда Италияга келип, өлкөнүн премьери Сильвио Берлускони менен Ирак маселесин талкуулай баштады. Америкалык президент Жорж Буштун Ирак саясатын Блэр толугу менен колдоодо жана Бириккен Улуттардын Ирак боюнча экинчи резолюциясынын долбоорун даярдоодо англиялык дипломаттар АКШга жардам берүүдө. 22-февралда Блэр Рим шаарында Папа Иоанн Павел Экинчи менен да жолугат. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов кечээ күнү АКШны сындап, Иракта иштеп жаткан эл аралык текшерүүчүлөргө Вошингтон кысым жасап жатат деп билдирген, бирок Тони Блэр андай сынды бүгүн четке какты.

XS
SM
MD
LG