Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Түркия өкмөтү АКШ аскерлерин өз аймагына жайгаштыруу маселесин кароодо


Түркия өкмөтү азыр - өлкөнүн аскерий базаларын америкалык аскерлердин пайдалануусуна берүү маселесин караштырууда. Эгер Иракка каршы согуш башталса, ага чек аралаш Түркиянын аймагын пайдаланууга АКШ өтө муктаж. Бул маселени Түркия парламенти өткөн аптада карамак, бирок талкуу кийинкиге калтырылган. Аскерий базаларды пайдалануу үчүн АКШ Түркияга насыя түрүндө 20 миллиард жана грант түрүндө дагы алты миллиард доллар сунуш кылууда, бирок Түркия андан да көп акча сурап жатат. Өкмөттү көзөмөлдөгөн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдогандын айтымында болсо, АКШ өзүнүн андай убадаларын кагазга түшүрүш керек.

XS
SM
MD
LG