Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНЫН СПОРТ КЛУБУ


Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону аскердик спорт клубу 1997-жылы уюшулган. Шериктеш өлкөлөрдүн аскер-спорт клубдарынын спартакиадаларында Кыргызстан Орусиядан кийинки 2-3-орундарды ээлеген.

Совет доорунда СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн спорт оюндары дене тарбия кыймылынын өсүп өнүгүшүнө барандуу салым кошуп келген. Быйыл ЦСКАнын түзүлгөнүнө 80 жыл толот.

Кыргызстандык спортчулардан өз кезегинде ЦСКА камандасында жүргөндөрдүн бири дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу, кийин Европанын, Дүйнөнүн, Олимпиаданын чемпиону болгон Талант Дүйшөбаев. Талант Дүйшөбаев ЦСКА командасында чабуулчу гана болбостон, команданын капитаны эле.

Союз ыдырагандан кийин Советтик Армиянын спорт клубдары да кризиске учураган. 1997-жылдан тартып, Кыргызстанда аскер спорт клубу иштей баштаган.

Кыргыз армиясынын спорт клубунун иш-аракети жөнүндө Кыргызстандын Коргоо министрлигинин дене тарбия, спорт жана туризм бөлүмүнүн башчысы, СССР спорт чебери, полковник Эргешбаев Жеңишбек Калманбетович мындай дейт:

- Кыргыз армиясынын спорт клубу түзүлгөнүнө аз гана убакыт болсо да, спорт чөйрөсүнө таанылып калды. Эң ишенимдүү командалар футбол, волейбол, спорттун азыркы беш түрү жана ок атуу боюнча ийгилик жаратып келүүдө. Футбол боюнча биздин армиянын командасы Кыргызстандын үч жолку чемпиону болуп, эгемендүүлүк Кубогун 6 ирет жеңип алган. Былтыр жана быйыл Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна барып, Кыргызстандын намысын коргоду. Ал эми спорттун азыркы 5 түрү боюнча, Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү, Азиянын көп жолку чемпиондору Павел Уваров, Андрей Ханадеев, Мирсаид Миржалилов аскер спорт клубунан таалим-тарбия алышкан. Мурдакы «Намыс» волейбол командасынын жигиттери биздин спорт клубга өтүп, жаңыланып кайра түзүлгөн. Ок атуу боюнча биздин мергендер Кыргызстандагы бардык мелдештерде жеңип келүүдө. Александр Бабченко, Тахир Исмаилов Шериктеш мамлекеттердин спартакиадасында жеңишке жетишкен. Ошондой эле грек-рим күрөшү, жеңил атлетика боюнча да намыстуу жигиттерибиз бар.

- Мурда атайын спорт роталары бар эле. Азыр кыргыз армиясында спорттун ал-абалы кандай?

- Мурдагыдай эле ар бир аскер бөлүктөрүндө спорт бөлүмдөрү иштейт. Бригада, полктордо спортко жооптуу жетекчилер, адистер бар. Кыргызстандын курама командасын машыктырган Кыргызстанга эмгек сиңирген 4 устат иш алып барат.

- «Кыргыз армиясына кабыл алынган жигиттердин ден-соолугу начар, дене тарбия, спортко болгон даярдыгы чийки» деген пикирлер айтылып жүрөт. Ушунун чындыгы барбы?

- Чындыгы бар. Азыркы шартка жараша мектепте окуп жүргөндө жаштар спорт менен машыгып, ден-соолугуна көңүл бөлгөн эмес. Армияга келген алгачкы күндөрдө абдан кыйналышат. Жарым жыл ичинде биз аларды армиянын шартына көндүрүп, дене тарбиясына өзгөчө көңүл бурабыз. Аскерге келгенине жарым жылдан кийин эл катарына кошулуп, спорт менен достошуп калышат. Бул жагынан мектептер начар иштеп, бизге оорчулук келүүдө. Ошондуктан армияга чакырылуучу жаштар арасында спартакиада өткөрүп, спорттун 9 түрүнөн 3-4 этап боюнча мыктыларды иргеп, республикада финалдык мелдештерди уюштурууну салтка айландырдык.

- Кыргыз армиясынын спорт клубу эл аралык мелдештерге катышып жүрөбү?

- Шериктеш өлкөлөрдүн спартакиадаларына барып, Орусиядан кийин экинчи, үчүнчү орунду ээлеп жүрөбүз. Биринчи спартакиадада 7 алтын медал жеңип алганбыз.

- Дене тарбиясына, спортко Коргоо министрлигинен канча каражат бөлүнөт?

- Эми каражаттын суммасын так айтуу кыйын. Биздин министр, орун басарлар колдон келишинче жардамын берип, колдоого алып турушат. Машыгууга шарт түзүлгөн.

- Кыргыз армиясынын спорт клубун эл аралык деңгээлге көтөрүш үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат? Көкөй кескен кандай проблемалар бар?

- Көбүнчө биз шериктеш өлкөлөр, Эл аралык аскер спорт уюму менен биргелешип иштеп жатабыз. Өзүбүз гана аракет көрүп, чектелип калуудабыз. Улуттук олимпиада комитети, Кыргыз туризм спорт жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет колдоого алса эл аралык деңгээлге жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде таланттуу жигиттер арбын. Алардын кендирин каражат маселеси кесип келүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG