Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

ОРУСИЯ АРМИЯСЫ ТЕРЕҢ КРИЗИСКЕ УЧУРООДО


Муса Мураталиев, Москва шаары Орусия армиясындагы терең кризис туурасында сырттан көз салуучулар гана эмес, армия төбөлдөрү да ачык айтышууда. Аскерде кызмат өтөп жаткандар өздөрү менен кызматташтарды же өзүнө буйрук берүүчүлөрдү атып таштоо демейдеги көрүнүшкө айланып кеткен. Натыйжада, кийинки үч жыл ичинде эле, Орусия армиясынын катарында кызмат өтөп жаткандардын ичинен он миң беш жүздөй аскер атып өлтүрүлгөн.

Жума күнү Москвада Орусиялык офицерлердин бүткүл армиялык кеңешмеси ачылды. Коомчулук бул отурумга катуу кунт коюп кароодо. Эмне дегенде, орусиялык куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткандардын бири-бирин атып таштоосу, кызмат өтөп аткан бөлүгүн таштап качып кетүү, өз жанын өзү кыюу сыяктуу окуялар азыркы тушта адатка айланып кеткен.

Анализчилердин эсебинде мындай көрүнүш орусиялык армиянын терең кризиске учурашын билдирет. Андан арылуу армияны толук реформалоо менен гана байланыштуу. Бул кеңешме өлкөнүн коргоо министрлиги генералитет менен жаш офицерлерди жүздөштүрүп, алардын маселелерди чогуу-чаран талкуу кылышына ынтызар болгонунан улам уюштурулганы айтылууда.

Кеңешмеге катышкан Владимир Путин мындай деп сөз сүйлөдү :

- Сиздер бүгүн көптөгөн маселелерди талкууга алганы турасыздар. Алардын бири - аскердик жамааттагы тартипти бекемдөө, уставда жок мамилелерди түп тамырынан кыркуу болуп эсептелет. Армияны реформалоого түздөн түз тийиштиги бар бул проблемаларды чечүүдө сиздер, офицерлер, жүргүзүүчү иш бизге олуттуу данакер болушуна ишенемин.

Жогорку окуу жайларда окуганды каалап, бирок аскерде иштегенди каалабай, билим алып туруп кетип калып аткан офицерлер Коргоо министирлиги үчүн чоң залал келтире баштады. Министрлик мындан улам ар жылы тарткан чыгаша 16 миллиард рублга жетет экен.

Бирок баарыдан эң жаман абал катардагы аскерлердин чөйрөсүндө орун алууда. «Независимая газетага» (21 февраля 2003) жарыялаган макаласында Дмитрий Симакин: «Кийинки 3 жыл ичинде эле орусиялык армиянын катарында кызмат өтөп жаткандардын ичинен Ооганстан согушунда курман болгондордун санына тете болчудай аскер набыт болду» , - деп жазат.

Орусиялык коомчулукка аттын кашкасындай таанымал укук коргоочу уюм - «Солдаттардын энелери» уюму. Ал уюмдун жергиликтүү кеңселерине айрым качкын солдаттар барып башын калкалашууда.

Уюмдун жооптуу катчысы Валентина Мельникованын ою мындай:

- Биз иштегенге мына 14-жылга карап калды, ошончо убакыттын ичинде көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен угуп келаткан трагедия биз үчүн чыныгы эсти чыгаруучу түш сыяктанат. Биздин эсеп боюнча, - биз гана эмес, баласы өлгөн бүлөгө колкабыш этчү кайрымдуулук уюмундагы коллегалардын эсеби боюнча да, - орусиялык армияда ар апта сайын орто эсеп менен алганда 5 аскерден курман болуп турат.

Анализчилердин айтымында, «дедовщина» - “аксакалчылык” совет армиясынын тушунда, тээ 60-жылдары, старшина институтун жоюу жараяны башталган кезде пайда болгон.

Кийинки 3 жыл ичинде («Независимая газета», 21.02.2003 Дмитрий Симакиндин “Смерть в родном тылу” – “Оорукта табылган ажал” макаласы) «аксакалчылыктын» токмогун жеп, же өз жанын өзү кыйып өлгөндөрдүн саны 10 500гө жеткен. Бул эсеп советтик армия Ооганстанда тогуз жыл майнапсыз жүргүзгөн согушта жоготууга учураган аскерлердин санына чукулдап барат. Ооганстанда советтик 14 433 солдат курман болгон.

Бул маалымат өткөн жылдын этегинде коргоо министри Сергей Иванов айткан расмий жооптон кыйла айырмаланат. Министр былтыркы сөзүндө: «2002-жылы орусиялык куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдүн ичинен кылмыштуулук жана кокустуктун айынан 6 531 аскер кайтыш болду» , - деген эле.
XS
SM
MD
LG