Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

ЧЕХИЯНЫН ПАРЛАМЕНТИ ӨЛКӨНҮН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Чехиянын бийликтеги чордончул-солчул коалициясына кирген партиялар мурдагы билим берүү министри, профессор Ян Соколдун президенттикке талапкерлигин колдоону чечишти.

Чех өкмөтүнө кирген коалициялык партиялар университеттин профессору, мурдагы билим берүү министри Ян Соколдун президенттикке талапкерлигин колдоону чечишти. Бул жөнүндө 21-февралда Христиан-Демократиялык Партиянын төрагасы Кирил Свобода билдирди. Ошентип, өкмөттүк коалицияга кирген үч партия тең 66 жаштагы Ян Соколдун талапкерлигин колдомок болушту.

Сокол мырза экс-премьер, 61 жаштагы Вацлав Клаус менен бирге 28-февралда боло турган шайлоодо ат салышат. Ушуну менен Чехиянын парламентарийлери өлкөнүн президентин шайлоого үчүнчү жолу аракеттенишет. Бийлик мөөнөтү 2-февралда соңуна чыккан Вацлав Гавелдин ордуна жаңы президентти шайлоо аракети 15- жана 24- январда болгон. Бирок анда президенттике ат салышкан талапкерлердин эч бири да шайлануу үчүн зарыл болгон добушту ала алышкан эмес. Бир нече жумадан бери мамлекет башчысы жок жашап жаткан Чехияны азыр парламенттин спикери жана премьери башкарып жатышат.

Чехиянын Констиуциясына ылайык, мамлекет башчысын кош палаталуу парламент шайлайт. Эгерде парламент президентти бир айдын ичинде шайлаганга жетишпесе, анда президентти шайлоо вазыйпасы шайлоочуларга өткөрүлүп берилет. Бирок көптөгөн талаш-тартыштардан кийин парламент мамлекет башчысын шайланганга дагы бир жолу аракеттенүүнү чечти.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер парламенттин 200 орундуу төмөнкү палатасынын жана 81 орундуу жогорку палатасынын көпчүлүк депутаттарынын колдоосун алууга тийиш. Эгер шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири да өтпөй калса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Анда парламенттин эки палатасы өз-өзүнчө добуш беришет. Экинчи айлампа да натыйжасыз болгон учурда шайлоонун үчүнчү айлампасы өткөрүлүп, анда парламенттин эки палатасы бирдиктүү мыйзам чыгаруучу орган катары добуш беришет.

Премьер-министр Владимир Шпидланын коалициясы парламенттин төмөнкү палатасында 101 орунга ээ. Вацлав Клаустун Жарандык Демократиялык партиясына (ОДС) 58 орун, ал эми коммунисттерге - 41 орун таандык. Парламенттин жогорку палатасы - Сенатта болсо бийликтеги альянска 81 орундун 45и таандык. Саясий күчтөрдүн таразаны бир жакка тартууга кудуретсиз мындай сандык катышы президентти шайлоону өткөрүүнү бир топ кыйындатып жатат. Бул жагдай январь айында өткөн эки шайлоодо айкын көрүндү.

Айрым саясий байкоочулар шайлоодо талапкерлердин бири да өтө албай калганын өлкөдө элдин чыныгы кадыр-баркы менен ишенимине эгедер саясатчылардын же коомдук ишмерлердин жок болуп чыкканы менен түшүндүрүшөт. Мамлекет башчылыгына актерлордон баштап спортсмендерге чейинки саясатта тажрыйбасы жок, бирок элдин сүймөнчүгү менен чексиз ишенимине ээ инсандар сунуш кылынды. Бийлик мөөнөтү соңуна чыккан президент Вацлав Гавел дал ошондой кадыр-барктуу инсандардын бири болгон эле. Бирок президенттикке ушул жолу сунуш кылынган өнөр адамдарынан айырмаланып, Вацлав Гавел эл ишенимине коммунисттик бийликти тайманбастан сындап, ан үчүн куугунтук жеп, 10 жыл түрмөдө отуруп чыккан соң ээ болгон. Драматург жана акын Вацлав Гавел 13 жыл бою президенттик кызматты аркалаган соң, эми адабий чыгармачылыгын уланта турганын билдирүүдө. Адабият ышкыбоздору Гавел өзү сүйгөн ишке кайтканына курсант болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG