Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

Пакистандын айтымында, эгер Иракка каршы согуш башталса, ага Багдад өзү күнөөлүү болот


Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамалинин айтымында, эгер Иракка каршы согуш башталса, ан үчүн жоопкерчиликти Ирактын жетекчилиги тартууга тийиш. Пакистандын өкмөттүк маалымат агенттиги тараткан билдирүүгө караганда, маселени тынчтык ыкмалары менен чечүүгө өлкө жетекчилиги бардык мүмкүн болгон аракет жасайт, бирок согуш башталып кетсе, ан үчүн Багдад өзү жооптуу деп эсептейт. Пакистандын диний жетекчилери жана мусулман калкынын көпчүлүгү согушка каршы жана март айынын башында ири демонстрацияларды уюштурууга даярданууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG