Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Улуттук Илимдер Академиясында жетекчилер шайланды


21-февралда Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигин беш жылдык мөөнөткө шайлоо болду. Президиумдун мүчөлүгүнө академиктер Аскар Какеев, Үсөн Асанов, Алтай Бөрүбаев, Кубанычбек Жумалиев, Мамбет Мамакеев, Асылбек Айдаралиев, Аскар Кутанов сунушталып, толугу менен шайланышты. Мындан тышкары академиктер Аманбек Жайнаков, Шарипа Жоробекова, Владимир Плоских илимдер академиясынын физика-техникалык, математикалык, геологиялык, химия-технология, медицина, биология, айыл чарбалык жана коомдук илимдер тармактары боюнча вице-президентикке шайланышты. Жапар Текенов академиянын түштүк бөлүмүн жетектөө үчүн вице-президенттикке кайра шайланды. Академиянын президенти Жаныбек Жээнбаевди шайлоо 12-февралда өтүп, ага мамлекет башчы Аскар Акаев катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG