Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү белгиленет


23-февралда Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бери биринчи жолу расмий түрдө Мекен коргоочулардын күнү белгиленет. Ага байланыштуу Бишкектеги «Жеңиш» аянтында премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, согуш ардагерлери Бишкек гарнизонун аскерлеринин коштоосунда Мекен коргоп курман болгондорго арнап күйгүзүлгөн түбөлүк отко гүл коюшат. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 23-февралга карата өкмөт башчы Коргоо министрлигинин кызматкерлеринин маянасын 50% көбөйтүү тууралуу токтомго кол койду. Ал эми өкмөт башчысынын январь айындагы токтому менен 23-февраль Кыргызстанда расмий түрдө Мекен коргоочулардын күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG