Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Ажылар кайтып келе башташты


Арабияга ажылыкка автоунаа менен кеткен жарандардын алды Кыргызстанга 25-февралда келери күтүлүүдө. Ал эми аба каттамы менен кеткен үч жүзгө чукул мусулман 21-22-февралда Бишкекке жана Ош шаарына учак менен келип конушту. Бул тууралуу ишембиде муфтияттын кызматкери Асан Саипов билдирди. Анын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча ажылыктан кайтып келаткандардын сапарында кооптууу жагдай түзүлгөн жери жок. Кыргызстандан быйыл Мекке, Мединага зыярат кылуу үчүн 2700дөн ашык мусулман кеткен. Алардын ичинен бир аял жол кырсыгынан, үч эркек ар кандай жагдайларда набыт болушкан. Бул маалыматты ушул аптада тышкы иштер министрлиги билдирген.

XS
SM
MD
LG