Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Жакырчылыкты жоюуга арналган жыйын өттү


22-февралда Бишкекте адамдын өнүгүшү, социалдык аракети жана жакырчылыкты жоюуга арналган жыйын өттү. Анда өткөн жылдын башында чогулган жыйындан кийин аткарылган иштерге баа берилди. Форумга расмий бийлик өкүлдөрүнөн, бейөкмөт уюмдардан, улуттук тайпалардан кишилер катышып, президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Мамлекет башчынын билдиришинче, өткөн үч жыл ичинде Кыргызстанда жакырчылык 10 пайызга кыскарды, башкача айтканда, жалпысынан 300 миң адам жакырчылыктан чыкты. Өнүгүүнүн буга чейинки абалын талдап, келечек багыттарына токтолгон президент 2005-жылга чейин жакырчылыкты дагы беш пайызга кыскартуу зарылдыгын белгиледи. Аталган форум 2010-жылга чейинки «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» жана 2003-2005 жылдарга эсептелген «Жакырчылыкты жоюунун улуттук стратегиясы» программаларынын алкагында өттү.
Аскар Акаев республикадагы жакырчылыкты жоюуда калкка чакан кредит берүүнүн ролунун жогору экендигине токтолду. Анын айтымына караганда, 2002-жылы өлкө боюнча 75 миң үй-бүлөгө 1 миллиард 100 миллион сом өлчөмүндө чакан кредит берилген. Натыйжада, өткөн жылы элге чакан кредит берүүнүн өлчөмү 2001-жылга салыштырганда 65% жогорулаган. Мамлекет башчысы келечекте калкка чакан кредит берүү дагы 30, 40% көбөйтүлө тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG