Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

«Арнамыс» партиясы кеңсе үчүн жаңы орун караштырууда


БИШКЕК. Феликс Куловдун «Арнамыс» партиясы учурда кеңсеси жоктугуна карабастан, өз ишин улантууда. Партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрү да өз иштерин токтотушкан жок. Ал эми оппозициялык партия үчүн жаңы кеңсени табуу кыйынчылыктар менен коштолуп жатат. Бүгүн бул тууралуу «Арнамыстын» штаб башчысы Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик мекемелер өздөрүнүн имараттарындагы бош бөлмөлөрүн партияга ижарага берүүдөн баш тартышууда жана муну бийлик органдары тарабынан жагымсыз мамилелерге учурагысы келбегендиктери менен түшүндүрүшүүдө. Э. Алиев белгилегендей, «Арнамыс» партиясы шаардын борбор тараптарында жайгашкан имараттардан кеңсени ижарага албайт. Партия штабы Бишкек шаарындагы жеке батирлердин бирөөсүн ижарага алууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG