Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Бириккен Улуттар уюумунун эсебинде, быйыл бир жарым миллион ооган мекенине кайтып келет


Бул көрсөткүч былтыр 1.8 миллионду түзгөн эле. Алдыдагы аптада Бириккен Улуттардын качкындар боюнча жогорку комиссары Рууд Лубберс Ооганстанда болуп, жаратылыш кырсыктарынын жана жаңжалдардын айынан дагы эле тургундар журт которуп кетүүгө мажбур болуп жаткан аймактарды кыдырат.
Анын аралыгында, Ооганстандын түндүгүндө өзбек жана тажик топторунун ортосундагы кагылышуудан алты карапайым киши, анын ичинде эки аял, үч бала каза тапты.
Генерал Абдул Сабырдын кабарлашынча, өзбек генералы Абдул Рашид Достум менен тажик кол башчысы Ата Мухамеддин колдоочуларынын ортосундагы кагылышуу кечээ Фаряб вилайетинин борбору Маймананын жанында орун алды.
Тараптар салгылашууда автомат, ракета аткычтар жана замбиректерди колдонушту.
Достум менен Мохаммеддин күчтөрү Түндүк Ооганстандын булуң-бурчунда мезгил-мезгили менен өз ара кагылышууга барууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG