Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Израил аскерлери Газа Тилкесинде жети палестиналыкты атып өлтүрүштү


Израил армиясы бүгүн эртең менен 20 чакты танктын жана тикучмалардын коштоосунда Бейт Ханун шаарына басып кирди. Палестиналык бийликтер үйлөрдү аткылоодо алты киши окко учканын кабарлашты. Ал эми аймактагы жүүттөрдүн "Нетзарим" маалесине жакын жерде израил аскерлери дагы бир кишини атып өлтүрүштү.
Бүгүн Израилдин Лейбористтик партиясы премьер-министр Ариэл Шарондун бийликтеги коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул кадам Шарондун Израилдин экономикалык стабилдүүлүгүн камсыздоочу бирдиктүү өкмөт түзүү үмүтүнүн азырынча тоскоолдукка учураганын билдирет.

XS
SM
MD
LG