Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Ирактык күрттөр Түркиянын Түндүк Ирактагы күрт аймактарына аскер жиберүү долбоорун сынга алышты


Күрт Демократиячыл партиясынын маалымат катчысы Хошияр Зебари бүгүн чет элдик жардам көрсөтүү шылтоосу менен түрк аскерлери Түндүк Ирактагы күрт аймактарына киргизилсе, ар кандай кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.
Качкындардын агымын чектеп, ошол эле убакта көз карандысыз Күрдистандын пайда болушуна жол бербөө үчүн, Түркия Түндүк Иракка ири санда аскер жиберүүгө нийеттенүүдө. Мунайга бай бул аймакта ар түрдүү санак боюнча, 500 миңден 2 миллионго чейинки сандагы түркмөндөр жашайт. Түркия алардын укуктарын камсыздоо жаатын да өзүнө максат кылууда.

XS
SM
MD
LG