Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Дүйнөнүн чар-тарабында Ирак согушуна каршы жаңы демонстрациялар болуп өттү


Багдадда христиандар Ирак кризисин согуш чыгарбай жөнгө салууга чакырышты. Римде Католик чиркөөсүнүн башчысы Иоанн Павел "терроризмди жана согуш логикасын" айыптады. Непалда жашаган Батыш жарандары 50 миң "тынчтык" чырагын жандырышты. Марокконун баш калаасында 25 миң, Египеттин (Мысырдын) Александрия жана Каир шаарларында жети жарым миң, Ливандын Тир шаарында 5 миң киши демонстрацияга чыкты. Австралияда 250 миң эркек өз кийимдерин чечип, аларды куроо менен зор аянтка "Тынчтык адамы" деген жазууну жазышты.
Кечээ миңдеген америкалыктар Иракка каршы согуштун алдында президент Жорж Бушту жана АКШнын армиясын колдоп демонстрация өткөрүшкөн эле. Флорида штатынын Орландо шаарындагы демонстрацияга 2 миң чакты киши катышкан. Ошондой эле Пенсакола, Индиянаполис жана Вашингтон штатында жүрүштөр болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG