Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракты куралсызданган жок деп айыптап, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакырды


Жапонияда бүгүн сүйлөгөн сөзүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл "курал-жарак инспекторлору жаңы отчет бергенден кийин, 7-марттан калбай, Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши бир бүтүм чыгарат" деген ишенимин билдирди.
Мамкатчы мындай деди: "Аракет көрүүгө мезгил жетти. Далилдер айдан ачык. Ирак күнөөлүү, 1441-резолюцияда анын күнөөлүү экени, милдеттенмесин азыр аткарбаса, азыр кызматташпаса, анда ага карата олуттуу чара көрүлүшү керектиги айтылат".
Ошол эле учурда мамкатчы Иракка каршы олуттуу чара көрүүгө мезгил жеткенине Жапонияны ынандыра алган жок. Жапон тышкы иштер министри Йорико Кавагучи бүгүн Иракка каршы АКШ баштаганы жаткан согушту колдоо маселесинде Токио эки анжы экенин бышыктады.
Кавагучинин сөзүнө караганда, жапон өкмөтү "чечим чыгарууга убакыт келе элек" деп эсептейт.
АКШнын Мамлекеттик Катчысы Токиого Ирак кризисин талкуулоо үчүн келген эле. Бүгүн Колин Пауэлл Жапониядан Кытайга жол тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG