Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

АКШ ЖАНА БРИТАНИЯ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНЕ ИРАКТЫ КУРАЛСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯНЫ СУНУШ КЫЛАТ


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иракты куралсыздандыруу боюнча бир бүтүмгө келет деген үмүттө экенин АКШ бүгүн жарыя кылды. Буга катар АКШ менен Британия эки-үч күндүн ортолугунда Ирак боюнча жаңы резолюцияны сунуш кылышмак болууда.

АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл бүгүн Токиодо журналистер менен болгон кездешүүдө Ирак массалык кыргын салчу куралдарын жок кылбаганын айтып, Улуттар уюму жакынкы жумаларда Иракты куралсыздандыруу боюнча бир бүтүмгө келиши зарыл деди:

- Убакыт өтүүдө. Далилдер айкын. Ирак күнөөлүү, (Коопсуздук кеңешинин) 1441-резолюциясы анын күнөөсүн ырастоодо. (Ирак) эгерде айыбын мойнуна алып, (резолюцияны) аткарбаса, эгер ал (эл аралык аскерий инспекция менен) кызматташуудан баш тартса, анын кедергиси өтө олуттуу болот.

Коопсуздук кеңеши Иракты куралсыздандыруу боюнча жаңы резолюцияны Улуттар уюмунун аскерий инспекциясынын башчысы Ханс Бликс 7-мартта жасоочу докладдын негизинде кабыл алат. Талдоочулардын айтымында, резолюция түрдүү талкуулоолордон кийин март айынын ортосунда кабыл алынышы мүмкүн.

Пауэллдин Токиодо билдиргенине караганда, алдыдагы аптанын алгачкы күндөрү АКШ менен Британия Коопсуздук кеңешине Иракты куралсыздандыруу боюнча жаңы резолюциянын долбоорун сунуш кылмакчы.

Долбоор, маалымат булактарынын билдиришинче, Ирак кеңештин 1441-резолюциясы тыйуу салган куралдарын жок кылбагандыктан, өлкөгө каршы күч колдонууну сунуш кылат.

Мындай сунушту азырынча Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн ичинен Британия, Испания жана Болгария гана колдоодо. Ал эми Коопсуздук кеңеши Иракка каршы күч колдонууга уруксат берген резолюцияны бекитүүсү үчүн, аны уюмдун тогуз мүчөсү жакташы шарт.

АКШ президенти Жорж Буш андай катаал резолюцияга жетишүү максатында ишемби күнү Испаниянын премьер-министри Хосе Мария Азнар менен Техастагы ранчосунда кездешти. Ак Үй администрациясы Азнар кеңештин испан тилдүү эки мүчөсү Чили жана Мексиканы Иракка каршы согуш ачууну колдогонго көндүрүп берет деген үмүттө. Андан тышкары, кеңештин вето укугуна ээ мүчөлөрү Франция, Россия жана Кытайдын да макулдугун алуу керек. Бул үч өлкөнү Вашингтон кантип өз тарабына оодарат, белгисиз. Бирок, мындай арсар абалга карабай, президент Жорж Буш Иракты күч менен куралсыздандыруу планы кабыл алынат деген ишеничте.

Буш ишемби күнү Техастагы ранчосунда Хосе Мария Азнар менен жолугушкандан кийин айтканга караганда, Коопсуздук кеңеши кабыл алчу жаңы резолюция анын өз милдетин аткарууга жарамдуулугун көрсөтчү окуя болот:

- (Улуттар уюмунун) Коопсуздук кеңешинин өз вазийпасын аткарууга ылайыктуу экенин көрсөтүү үчүн ага акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө жана Коопсуздук кеңеши өз ээлеген ордуна жооп бере аларын көрсөтөт.

Кошмо Штаттар Саддамдын режимин дипломаттык жол менен алмаштыруу аракети ишке ашпагандан кийин, Иракка каршы операцияны март айынын орто ченинде башташы мүмкүн дешет көпчүлүк байкоочулар.
АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин сөзүнчө, Президент Буштун буйругу болсо эле, АКШ жана анын союздаштары согушту баштоого даяр.

Пентагон жума күнү билдиргенге караганда, Перс булуңуна жайгаштырылган аскерлердин саны 200 миңден ашып кеткен жана алар толук даярдыкта турат. Жакынкы бир нече күндүн ичинде регионго мурда убада кылынган британиялык аскерлердин экинчи бөлүгү келип кошулат. Түркияга америкалык аскерлерди жайгаштыруу да ана-мына башталганы турат. Иракка согуш ачуу үчүн, Пентагондун стратегдеринин планы боюнча, 200 миң менен 250 миңдин ортосунда аскер болсо жетиштүү.
XS
SM
MD
LG