Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:27

ЭКС-ЮГОСЛАВИЯНЫН СОҢКУ ПРЕЗИДЕНТИ КОШТУНИЦА САЯСИЙ КҮРӨШҮН УЛАНТАТ


Кызматынан кетип жаткан мурдагы Югославиянын президенти Воислав Коштуница келечекте Сербиянын бийлик тактысын ээлеш үчүн саясий күрөшүн улантаарын жарыялады. Эксперттер Коштуница ансыз да тарыхка экс-Югославиянын акыркы жетекчиси жана 2000-жылкы шайлоодо Слободан Милошевичти жеңген саясатчы катары кирээрин белгилешет.

Воислав Коштуница калктын басымдуу бөлүгү колдогон Сербия-Черногория биримдиги үчүн саясий күрөшүн уланта берээрин айтат. Байыстуу улутчул позицияны карманган Коштуницанын эл арасындагы кадыры жогору, бекеринен ал өткөн жылдын аягында Сербияда өткөн эки жолку президенттик шайлоодо алдыга озуп чыкпагандыр. Арийне, ал жолку президенттик шайлоого элдин 50%нан азы катышып, натыйжада мамлекет башчынын орду бош калган бойдон.

Кантсе да, Коштуница 2000-жылдын 7-октябрындагы Югославия Федеративдик Республикасындагы соңку президенттик шайлоодо ага чейин көп жылдар өлкө башында туруп, карапайым калктын башына улам бир кандуу согуш салган Слободан Милошевичти жеңген саясатчы катары тарыхка кирээри талашсыз. Анткени ага чейин Югославиянын курамынан Словения, Хорватия, Босния жана Македония бөлүнүп чыгып, алардын көпчүлүгү Белграддын куралдуу каршылыгын майтарып, кандуу кагылышуулардан соң көз карандысыздыкка жетишкен.

Ошентип, бир жагынан Воислав Коштуница мурдагы Югославиянын тарыхындагы кандуу барактарды жаап, жаңы саясий өнүгүүнүн башатында турса, быйыл 4-февралда Югославияны тарыхка калтырып, анын ордуна уруш-талашсыз Сербия жана Черногориянын Биримдиги түзүлүшүнө да шарт түзүп бере алды. 10 млндой калкы бар Сербия менен 650 миңдей эли бар Черногориянын Союздук парламенти март айында жаңы мамлекеттин президентин шайлайт. Эки республиканын биримдиги бирок, алдыдагы үч жыл ичинде эки эгемен мамлекеттин жарыяланышы менен аякташы мүмкүн.

Ошентсе да, Воислав Коштуница, азырынча өзү ачык айтпаса да, март айындагы шайлоодо президенттик орун үчүн көрсөтүлүп калышы ажеп эмес. Сербия менен Черногориянын эли дал Коштуницанын бийлиги тушунда Белград дүйнө коомчулугу менен жаңы мамиле-байланыштар түзүп, саясатчы эл аралык деңгээлде экс-Югославиянын аброюн көтөрүүгө зор салым кошконун белгилешет. Коштуница өзү Балканда мындан ары жаңы чек ара сызыктары пайда болушуна каршы экенин жашырбайт. "Черногориялыктардын көбү өзүлөрүн сербдербиз деп эсептешет. Черногориянын азыркы бийлиги үчүн гана пайдалуу бөлүнүү жараянын республика калкынын жарымы колдобойт", - дейт экс-Югославиянын акыркы жетекчиси. Анын бул көз карашы региондо өтө маанилүү роль ойногон Европа Биримдигинин пикирине дал келет. Европа Биримдиги Балкандагы саясий жана экономикалык стабилдүүлүктүн кызыкчылыгында Сербия менен Черногория биримдиги сакталып калышы керек деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG