Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАДЫ


12-февралда Европа парламенти Кыргызстандагы саясий кырдаалды кыргыз бийлиги жана оппозиция өкүлдөрү менен биргеликте талкуулады. Мына ошол талкуунун катышуучуларынын бири Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу маектешет.

- Азимбек Анаркулович, Европарламентте Кыргызстандагы саясий кырдаалды талкуу кандай формада жүрдү. Адегенде ушуга токтолсоңуз?

-Эми жөнөкөй элге жете турган сөз менен айта турган болсок, Европарламентте Кыргызстандагы саясий абалды талкуулоону европарламентарийлер сот жараянындагыдай алып барышты. Расмий бийликтин өкүлдөрү Курманбек Осмонов менен Осмонакун Ибраимов бүгүнкү мамлекеттик бийликтин саясатын коргошту, ал эми Рамазан Дырылдаев менен мен биздеги, жалпы Кыргызстанда болуп жаткан чыныгы ахыбал жөнүндө айтууга аракет жасадык.

- Мына ушул сиздердин сөзүңүздөргө Еропарламент өкүлдөрү кандай баа берди?

- Страсбургда Германиянын, Италиянын, Англиянын, Франциянын жана башка өлкөлөрдүн депутаттары чыгып сүйлөштү. Алар негизинен мени колдогондой болуп, ал эми Осмонакун Ибраимов менен Курманбек Осмоновдун сүйлөгөн сөзүнө сын-пикирлерин айтты. Тактап айтканда, Германиянын депутаты Елизабет Йеггле түздөн-түз эле айтты, «силер Кыргызстанда адам укугу сакталган, демократиялык өлкөгө айланып баратат дейсиңер. Силерде эмес, кечээ эле Германия Федеративдүү Республикасына кирген Германия Демократиялык Республикасынын аймагында али демократия жок. Силер эмнени айтып жатасыңар? Силер кайрадан акыркы эки-үч жылдан бери артка, авторитардык режимге кетип баратасыңар» деп ачык сындап өтсө, Британиянын депутаты Мартин Келленен түздөн-түз эле «силер демократиялык курстан тайып баратасыңар, бизде үмүтүбүз бар эле, Борбор Азияда Кыргызстан демократиялык жолдо баратат деген. Бирок тилекке каршы силер эки-үч жылдан бери бул жолдон тайдыңар», деп сындады.

Ал эми Франциянын депутаты Вордессел болсо, «Кыргызстанда элдин 90% өтө жарды жашайт, ошондой жерде демократия болобу, адам укугу сакталабы,эмне үчүн мындай жалган айтасыңар» , деди. Жыйындын төрагасы Италиянын депутаты Антонио Мусса ачыктан-ачык билдирүү жасап, «эгерде силер азыркы саясатыңарды өзгөртүп, элге бурбасаңар, биз силерге берилип жаткан жардамды токтотобуз , ошондой эле апрель айында кыргыз парламентинин делегациясын чакырып, европарламентте угуу өткөрүп, андан кийин Кыргызстан боюнча атайын резолюция кабыл алууга барабыз», деп белгиледи. Мен булардын сөзүнө карап , демек Европарламент Кыргызстандагы чыныгы абалды билет экен деген жыйынтык чыгардым.

- Азимбек Анаркулович, Европага барганда Аксы окуясы боюнча Эларалык сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп көрүпсүз. Аны аткаруу мүмкүн бекен?

- Аксы окуясы боюнча бир жылдан бери күнөөлүүлөр жазаланбаса, кылмыш иш козголбосо, мүмкүн ошо Эларалык сот аркылуу бир акыйкатыкка жетүүгө болот бекен деген мүмкүнчүлүктөрдү карап көрдүмю Эл аралык соттун , Европалык соттун мүчөлөрү менен жолугушуп, маектешип, кайрылуунун кандай жолу бар, шарты жөнүндө сүйлөштүм. Бирок түздөн-түз азыр кайрылганга мүмкүнчүлүгүбүз жок экен. Себеби өзүбүздүн ички мамлекеттик процедуралардын баарынан өтүп, башкача айтканда Жогорку Сотко чейин жетип, ошонун чечимин алгандан кийин жол ачылат экен.Ал жерде Аксы окуясына окшош иштер болгонбу деп да кызыгып сурадым эле, андайлар болгон экен. Маселен, Израилдин азыркы премьер-министри Ариэль Шарон мурда коргоо министри болуп турган убакта кан төгүүгө жол берген деп, аны сотко беришкен. Биздин Кыргызстанда да ошондой эле болгон. Азыркы бийлик ээлери пикет уюштурабыз деп келаткан күнөөсүз адамдардын канын төгүүгө жол берген . Демек Ариэль Шаронго окшотуп биздин бийлик өкүлдөрүн сотко берсек болот экен. Бул ишке байланыштуу бир нече эл аралык адам укугун коргоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолуктум, Эларалык сотко кайрылууда алар жардам берет .

- Азимбек Анаркулович, Бекназаров Европада жүргөндө Кыргызстандын түштүк элинин кээ бир өкүлдөрү диний экстремистик топторго кошулуп кетиши мүмкүн, деген сөздөр чыкты. Мунун канчалык чын-төгүнү бар?

- Вена шаарындагы Адам укугу боюнча Хельсинки Федерациясынын кеңсесинде жолугушуу болду. Ошол жерде Италиянын адам укугун коргоо боюнча өкүлү Кыргызстандын түштүк эли Өзбекстандагы «Өзбекстан ислам кыймылы», «Хизбут-тахрир» өңдүү уюмдарга кошулуп кетүүсү мүмкүнбү, деген суроо берди.

Мен минтип жооп бердим: бүгүнкү бийлик Аксынын, Каракулжа , Өзгөн районунун элине, чындыкты издеп аткан башка регион элине - өзгөчө бир чараларды көрүп, басым көрсөтүп, куугунтуктоо иштерин уланта берсе, мүмкүн, ошол экстремисттик уюмдарга айрым адамдар кошулуп кетет деген ойду айттым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG