Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИ ОШ ШААРЫНЫН АБАЛЫН ТАЛКУУЛАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «2001-2010 жылдардагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшү» деп аталган мамлекеттик программанын аткарылышы жөнүндө өкмөттүк угуу болуп, ага Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев жана өкмөт мүчөлөрү катышышты.

Ош шаарынын 3000 жылдык мааракесине туштап, президент Аскар Акаев 2000-жылы 4-октябрда Ош шаарынын статусу жөнүндө жардык чыгарган. Ага ылайык Ош шаары Орто Азия цивилизациясынын бирден-бир саясий, тарыхый жана маданий борбору катары таанылып, республикадагы Бишкектен кийинки маанилүү шаар катары белгиленген. Ош шаарынын өзгөчө статусуна ылайык, аны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы иштелип чыгып, аны 2001-жылы президент өз жардыгы менен бекиткен. Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында президент Аскар Акаев кол койгон Конституциянын жаңы редакциясынын үчүнчү беренесинде “Бишкек шаары менен катар Ош шаары да республикалык маанидеги шаар, жана анын ушул статусуна ылайык, атайын мыйзам кабыл алынышы керек” деп көрсөтүлгөн. Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымынды “экинчи борбор” деп расмий түрдө айтылбаса дагы, Ош шаары мындан кийин республикалык маанидеги шаар катары облустан бөлүнүп, республикалык казына жана борбордук бийлик менен өз алдынча алака кылат. “Аталган мамлекеттик программанын чегинде Ош шаарынын эли үчүн көп жумуштар бүткөрүлдү”, - дейт Сатыбалдиев мырза.

- Жаңы Конституциянын негизинде Ош шаары Бишкек шаарындай эле республикалык маанидеги шаар болуп саналат, – дейт Жантөрө Сатыбалдиев. - Журналистер, саясатчылар Ош шаарынын өзгөчө статус алышынан улам “экинчи борбор” деп айтып атышат. Экономикалык жактан алганда Ош шаары өзүн өзү багат, ашканын республикага берет. Мамлекеттик программанын негизинде көп жылдардан бери турган мектептердин курулуштары бүттү, суу түтүктөрүн чыгардык, жолдорду ремонттоп атабыз. Көп объектилер оңдолду.

Мамлекеттик программада шаардын өнөр жайын өнүктүрүш үчүн бир топ иш-чаралар белгиленген. Шаар мэринин пикиринде, жаңы өндүрүш түптөгөндөн мурда эң оболу токтоп турган завод-фабрикалардын өндүрүшүн жандандыруу зарыл.

Ж.Сатыбалдиев мырза мындай ишканалардын катарына Оштогу пахта-кагаз комбинатын, жибек өндүрүү комбинатын жана насос комбинатын кошту.

Шаар мэри «Ош шаары өзүн өзү багып атат» дегени менен, мамлекеттик казынадан да колдоо болуп жатат. Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджет боюнча бөлүмүнүн башчысы Арзыбек Кожошевдин айтымында, республикалык казынанын эсебинен шаардын 5-6 жылдан берки келаткан карыздары жабылды.

- Биз былтыркы жылы 22 млн. сом жардам бердик, - дейт финансы кызматкери. - Ош шаарынын 5-6 жылдан бери келаткан сууга, жылуулукка, электр энергиясына карыздарын республикалык бюджеттен толук жаап бердик.

Ош шаарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын эң чоң максаттарынын бири - Ош аба майданын оңдоп, эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу аэропортко айлантуу. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Кубанычбек Мамаевдин айтымында, учурда Ош аэропортун оңдош үчүн чет өлкөлүк донорлордон каражат изделип жатат. Мамаев мырзанын билдиргенине караганда, аэропортту оңдоого Ислам Банкынан тийчү грант айрым мүчүлүштүктөрдөн улам алынбай, учурда аталган министрликтин кызматкерлери кайра каражат издөөнүн үстүндө.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдымомунов «Ош шаарына өзгөчө статустун берилишин эл эчактан бери күтүп аткан», дейт. Ал «республиканын түштүк облустары өлкөнүн табигый кырсык кесепеттери жана чек ара, улут аралык мамиле өңдүү көйгөйлөрү көп аймак болгондон кийин Ошту бара-бара борбор шаарга айлантыш керек» деген пикирин билдирди. Анын оюнда ырасмий бийлик бутактарынын баары Ошко көчүп, өлкөнү башкаруу иштерин ошол жакта жүргүзүшү абзел.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Бахтияр Фаттаховдун билдиргенине караганда, конституциялык нормага ылайык, Ош шаарынын статусу атайын мыйзам менен бекитилмекчи. Учурда Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзам долбоору өкмөт тарабынан даярдалып жатат.
XS
SM
MD
LG