Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

БОРБОР АЗИЯ ИРАККА БООР ТАРТПАЙТ


Борборазиядагы өлкөлөр Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы антитеррордук кампаниясына каркап колдоо көрсөтүшкөн эле. Бирок Вашингтондун Иракка каршы согуш ачуу пландары региондогу лидерлерди эки анжы абалга салгандай болду. Бир жагынан борборазиялык режимдер Кошмо Штаттары менен алакасын бузуп алгандан чочулашат, экинчи жактан Ирактан соң америкалыктардын кийинки бутасы ким болот? - деген түпөйүл собол региондогу лидерлерди түйшөлтөт шекилди.

Өткөн аптада дүйнөнүн алтымыштан ашуун өлкөсүндө көчөлөр кылкылдап демонстранттарга толуп, аламан митингдер болуп өттү. Бул учурда Борборазия мемиреп тымып жатты. Бир гана Алматыда жергиликтүү коммунисттердин демилгеси менен элүү чакты, негизинен пенсия курагындагы адамдар жыйынга чогулуп, Ирак проблемасын жайчылык ыкмалар менен жөнгө салууга чакырышты.Калган жерлерде митинг же демонстрация дегенден эчтеме болгон жок. Бирок жакында эле өткөрүлгөн иликтөө көрсөткөндөй, борборазиялыктардын басымдуу көпчүлүгү ООНдун мандаты болобу-болбойбу, ага карабастан Ирактагы согушту колдошпойт. Ырасмий лидерлердин арасынан жалгыз Кыргызстандын президенти Аскар Акаев гана Ирак кризисине байланыштуу Франция, Германия жана Россия жарнакташып билдирген позицияны колдоду. Өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов ырастагандай, Иракка каршы аскерий операцияларда Кыргызстан өз территориясын пайдаланганга бергиси келбейт. Мунун тескерисинче, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов дүйнөлүк коомчулук Ирак бийликтерине катуу кысым жасап, аларды массалык кыргын салуучу куралдарды өркүндөтүү ишин токтотконго мажбурлоого тийиш деп билдирди. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тынчтык маселесине арналып, Алматыда өткөн эл аралык конференцияда кеңири сөз сүйлөдү, бирок эмнегедир Ирак проблемасына кайралган жок.

Региондогу лидерлердин мындай позицияларын Тажикстандык эксперт Имед Бобохонов ар бир өлкө азыр дүйнөдөгү эң байгер, күч-кубаттуу держава - Кошмо Штаттары менен мамилесин чыңдоого умтулуп жаткандыгы менен түшүндүрөт. Борборазиядагы өлкөлөр америкалыктардын экономикалык жардамына муктаж. Ошо себептен улам Иракта болжолдонуп жаткан согушка байланыштуу көптөгөн өкмөттөр өз билдирүүлөрүндө өтө этиеттенип жатышат,деп айтты ал. Мисалы, тажик бийликтери ирак проблемасынын ООНдун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык чечилишин жактай тургандыгын билдирди. А кокус Иракта согуш башталып калса, тажик өкмөтү эч кандай деле мамилесин билдирбейт болуу керек.

Экинчи бир байкоочулардын пикиринде болсо региондогу лидерлер ирак кризисинин капшабына калбагай элек деп кабатырланышат шекилденет. Мисалы, Казакстандык тарыхчы жана оппозициялык саясатчы Нурболат Масановдун сөздөрүнө ылайык, ирак президенти Саддам Хусейн кулатылса, бу дүйнөдөгү башка диктаторлорго да олуттуу сабак болот. Кошмо Штаттары менен анын европалык союздаштарынын позициясын Масанов позитивдүү маанидеги кадам деп эсептейт, анткени алар диктаторлордун чарасын тапкысы келишет. Саддам Хусейндин жазаланышы, казак экспертинин ишениминде, жалпы диктаторлорду жазалагандык болот эле.

Тажикстандагы ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги америкалыктардын акциясын суверендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашат. Тажикстандагы мусулмандар, арийне, ирактыктарга диндеш калк иретинде ылым санайт, а бирок саясий жактан алганда Ирактагы жагдай менен региондогу кырдаалды кескин айрымалуу деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG