Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

ТАЖИКСТАНДАГЫ СОГУШТУН МУРАСЫ


Тажикстандын аймактарын жер миналарынан тазалоо ишинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өлкөнүн өкмөтүнө көмөктөшүүнү чечти. Аталган максаттагы жаңы долбоорго эки жүз миң евро сарп кылынат. Бул иште ОБСЕ тажик өкмөтү менен мурдагы оппозиция өкүлдөрүнүн активдүү кызматташтыгына үмүт кылат. Мындан тышкары Өзбекстандын өкмөтү да эки өлкөнүн чек ара бойлорунда көмүлгөн миналардын картасын ачып берүүгө тийиш.

Канибадам шаарынын тургуну Ихтиор Акрамов бир нече ай Россияда мандикерлик кылып жүрүп, былтыр күздө Тажикстанга кайтууну чечти. Самолет менен учканга акчасы жетпеди. Поездден-поездге жабышып,көп учурда жөө-жалаңдап жүрүп,акыры эки ай дегенде өзбек-тажик чекарасына келип жетет. “Көзгө сайгыс караңгы түн эле, - деп эскерет Ихтиор.- Бир оокумда бутума бирдеме урунгандай болду. Анан эле таман алдым дүңк дей түшүп,камгактай учуп баратканымы бир билем, калганы жадымда жок. Эсиме келсем,ай-талаада жаткан экем, боортоктоп биртке жылып барып, кайрадан эстен танып калыптырмын”.

Кайриет,кудайдын көзү түз экен, Ихтиор оор жарадар болсо да аман калды. Болбосо ушул эле тажик-өзбек чекара бойлоруна көмүлгөн миналарды аңдоосуз басып алып, акырет кеткендердин бири болмок. Акыркы эки жылда эле ушундай кайгылуу ыкыбалга кабылгандардын саны алтымыштан ашты, дагы жүз чакты киши алты санынан ажырап,жарым жан болуп калышты.

Өзбекстан ислам террорчуларынын жортуулдарынан чочулап, 2000-жылы чекараларын миналап салган эле. ОБСЕнин Тажикстандагы өкүлү Марк Гилберт ырастагандай, эки тарап маселени талкуулап чыгып, аны бир жаңсыл кылып чечүүнү макулдашышты. Бирок Тажикстандын өзүндө өткөн ич ара согуштан мураска калган миналуу талаалары да аз эмес. Мандемдүү делинген 110 гектарга жуук тилкени, 700 чакырымдан ашуун жол бойлорун өкмөт өз күчү менен эптеп тазалаганга үлгүрдү. Бирок каражаттын каатчылыгынан иш токтоп калган эле. Тажикстандын ОБСЕдеги өкүлү Эркин Гасымовдун айтымында, проблеманын баары миналанган жерлерди так аныктоодо турат. Айрым тилкелердин картасы бар, калгандары таптакыр белгисиз. Ырасмий маалыматтарда мина көмүлгөн аймактардын жалпы аянты 2,5 миң чарчы чакырымга жетери айтылат. А балким жарылбай калган снаряддар,колбомбалар, миналар жаткан жерлер андан да көп болушу мүмкүн. Бу жагынан мурдагы тажик оппозициясы, анын мүчөлөрү өкмөткө активдүү көмөктөшүп, пайдалуу көп маалыматтарды бере алат эле. Бирок ислам кайра жаралуу партиясынын найып төрагасы Мухаммадшариф Химматзоде оппозициянын куралдуу күчтөрү согуш маалында жер миналарын дегеле колдонгон эмес деп ырастады. Бардык иштерде, коомду демократиялаштыруу процессинде,анын ичинде өлкөнүн территориясын миналардан тазалоо боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда ОБСЕ менен активдүү кызматташканга оппозиция качан болсо даяр, деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. Бирок Химматзоде оппозициялык күчтөрдүн арсеналында жер миналары болбогондугуна ишендирди.

ОБСЕнин эксперттери Тажикстандагы миналанган аймактардын масштабын коңшулаш Ооганстандагы, болбосо Босния, Камбоджа, Косово же Сомалидеги жагдайга салыштырып болбойт дешет. Аларга караганда Тажикстандагы согуштун мурастары – миналар, снаряддар,катылган курал-жарактар кыйла эле аз. Бирок алардын не картасы, не болжолдуу тилкелери аныкталган эмес. Иштин ушул өңүтүн эске алып, ОБСЕнин өкүлү Гилберт Тажикстандын территориясын миналардан түгөл тазалап чыгыш үчүн бир топ убакыт талап кылына тургандыгын ырастады. Бул бир жылдын иши эмес, дейт Гилберт.
XS
SM
MD
LG